super.kg logo
  Саясат  

"2016-жылы өлкөнүн бардык айылдары байланыш менен камсыздалышы керек" дейт Диль

 
"Кыргыз мамлекетинин бардык айылдарын байланыш менен камсыздоо иши өз учурунда бүтүшү керек". Муну вице-премьер-министр Валерий Диль 21-июлда Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги жыйында айтты. 
"Мамлекеттик байланыш агенттигинин алгылыктуу иштеп жатканына карабай олуттуу көңүл бура турган маселелер да бар. Кеп бардык калктуу конуштарды, Бишкек-Ош трассасы өткөн аймактын баарын байланыш менен камсыздоо ишин аягына чыгаруу тууралуу болууда. 2016-жылдын аягына чейин бардык айылдар байланыш менен камсыздалышы керек. Учурда мобилдүү байланыш кызматы менен калктуу конуштардын 81 пайызы камсыздалган. Жылдын аягына чейин дагы 40 айылды кошуу зарыл болсо, бүгүнкү күнгө карата 16сы кошулду",- деп билдирди Диль. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: