super.kg logo
  Саясат  

АКШ кыргыз өкмөтүнүн келишимди денонсациялоо чечиминин техникалык таасирин изилдеп жатканын билдирди

 
АКШ менен кыргыз бийлигинин мамилесинин бузулушу Кыргыз Республикасында АКШ каржылаган көптөгөн программалардын токтошуна алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын кыргыз жериндеги элчилигине шилтеме берүү менен "Рейтер" жарыялады. "Биз кыргыз өкмөтүнүн кызматташтык тууралуу келишимди денонсациялоо чечиминин техникалык таасирин изилдеп жатабыз",- деп айтылат билдирүүдө. 
Мындай эскертүүдөн көп өтпөй, Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1993-жылдын 19-майында Вашингтондо кол коюлган көмөктөшүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташтык келишиминен бир тараптуу чыгуу тууралуу токтомго 21-июлда премьер-министр Темир Сариев кол койду. Мындай кадамга АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2010-жылкы Июнь окуясына күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго "Адам укугун коргоочу" сыйлыгын бериши себеп болду. 
Бул токтомго жана Кыргыз Республикасынын "Эл аралык келишимдер жөнүндө" мыйзамына ылайык, 2015-жылдын 20-августунан баштап кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы аталган келишим күчүн жоготот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: