super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз жана Араб Эмираттарынын өкмөттөрүнүн ортосундагы "Аба катнашы жөнүндө" макулдашуу ратификацияланды

 

Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Тийиштүү аймактардын ортосунда жана тиешелүү аймактардын чегинен тышкары аба катнашы жөнүндө" макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 22-июлда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө араб тарапка билдирүү жиберүүгө милдеттендирилди. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: