23-июлда Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу токтотулат

Эртең, 23-июлда оңдоо иштерине байланыштуу саат 10:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, борбордогу Байтик баатыр, Лев Толстой, Элебаев, Максим Горький, Жукеев-Пудовкин жана Кокон көчөлөрүндө, ошондой эле Октябрь райондук администрациясы, №5-Өрттөн куткаруу бөлүмү, "Учкун" басмаканасы, "Бишкек жылуулук борбору" акционердик коомунда ичүүчү суу токтотулат.
“Бишкек суу-канал” башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан, мекеме-уюмдардын кызматкерлеринен кечирим сурайт жана суу толтуруп алууну суранат",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.