Нурбек Токтакунов: "Милиция менен сот калкка сантехник, куруучу, мугалим сыяктуу эле кызмат көрсөтүүчү катмар, бирок биз буларды Кудай сезип алганбыз"
Бишкекте бүгүн, 22-июлда өтүп жаткан калктын укуктук маданиятын агартуу боюнча түзүлгөн стратегияны тааныштыруу иш-чарасынын биринчи бөлүгүндө жарандардын учурдагы укуктук билиминин деңгээли тууралуу талкуу болду. Укук коргоочу Нурбек Токтакунов буларды айтты:
Автор: Гүлжан Асанкожоева
"Бийлик, сот өкүлдөрү, укук коргоо органдары калкка сантехник, жол оңдоочу, үй куруучу, мугалим сыяктуу эле кызмат көрсөтүүчү катмар. Алар элге Конституцияда жазылган мыйзамдардын негизинде кызмат көрсөтүп, жарандардын укуктук социалдык маселелерин чечип, мүдөөлөрүн аткарып берүүлөрү керек. Бирок аталган кызматтардын өкүлдөрүн эл, тилекке каршы, Кудай сезип алган. Анткени алардын элге болгон мамилеси ушундай. Бул маселени чечиш үчүн карапайым элдин укуктук маданиятын, билимин жогорулатуу - негизги талаптардын бири".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Милиция, сот сантехниктен билимдуу келет.