Ниязалиева: "Ишин аткарбаган жетекчилер бир коллегиядан экинчиге өтө бербестен, аларга чечкиндүү чаралар көрүлүшү керек"

Бүгүн, 22-июлда вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Социалдык фонддун кеңейтилген отурумуна катышты. Өкмөттүн маалымат кызматы Ниязалиева өз ишин билбеген жетекчилерди сынга алганын билдирди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
"Бүгүнкү күндө Социалдык фонд
аркылуу бир топ керектүү иштер жүргүзүлүп жатат. Конституцияда жана башка
мыйзамдарда жазылгандай, пенсионерлердин адилеттүүлүк түрдө чектелген пенсиясын
убагы менен, бир жылда 2 жолу көбөйтүп келе жатышат. Мындай ишке элибиз да,
бийлик да, өкмөт дагы жакшы деңгээлде баа берет. Бирок 2014-жылдын жыйынтыгын
караган кезде планды аткарбаган район жетекчилери көргөзүлгөн. Быйылкы жарым
жылдыкты карасак деле ошолор кайра кайталанып жаткан сыяктуу. Ишин аткарбаган
жетекчилер бир коллегиядан экинчиге өтө бербестен, аларга чечкиндүү чаралар
көрүлүшү керек. Өкмөт силердин ишиңерге канааттандырарлык
деген баа берет жана кемчиликтерди жоюп, ийгилик жаратарыңарды күтөт",- деди Ниязалиева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

