Таамай атуу боюнча Куралдуу күчтөрдүн чемпиондугу өттү







Бүгүн, 22-июлда 73809-аскер бөлүгүнүн базасында КРнын Куралдуу күчтөрүнүн кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин ортосунда АК-3 жана ПМ-3 ок атуучу куралдарынан таамай атуу боюнча чемпиондук болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, жарышка катышуу үчүн Башкы штабдын, Коргоо министрлигинин, Чек ара кызматынын жана Улуттук гвардиянын 7 командасы катышуу тилегин билдиришкен. Ок атуу боюнча эл аралык эрежелерге ылайык, мелдеш командалык эсепте жана жекеликте жүргүзүлдү. Сынактын байгелүү орундарын алган командалар кубок, диплом, грамота жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.
Иш-чара КРнын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин арасында таамай атуунун тажрыйбаларын үйрөнүү, чеберчиликти өнүктүрүү максатында өткөрүлүп келет.
