super.kg logo

Борбордун Октябрь жана Биринчи Май райондорунда Баатыр энелер сыйланышты

 

Бишкектеги Октябрь райондук администрациясынын башчысы Болот Алымкулов жана Биринчи Май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев райондун Баатыр энелерине Баатыр эне орденинин жана Эне даңкы медалынын күбөлүгүн тапшырышты. Бул тууралуу 22-июлда шаардык мэриядан билдиришти.

Өз сөзүндө район башчылары энелердин келечек муунду тарбиялоодо, мамлекетти өнүктүрүүдө орду жана салымы зор экенин белгилеп өтүштү. Ошондой эле аларга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана узак өмүр каалашты. 

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “7 жана андан ашык баланы тарбиялаган энелерди Баатыр эне ордени менен сыйлоо жөнүндө” жана “6 баланы төрөп өстүргөн энелерди Эне даңкы медалы менен сыйлоо жөнүндө” жарлыгын аткаруунун алкагында өткөрүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: