super.kg logo

СИЗОдогу Коркмазов Данияр Нарымбаев менен беттешүүдө анын 100 миң доллар суратканын бетине айтты

 

Бүгүн, 22-июлда Данияр Нарымбаев Башкы прокуратурага суракка чакырылып, депутат Хажимурат Коркмазов менен беттештирилди. Анда Коркмазов Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин жакындарынан 100 миң доллар суратканын Нарымбаевдин бетине айтты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү билдирди. Коркмазов Түлеевдин жакындарынан 7-майда 50 миң доллар алып, Нарымбаевдин колуна тапшырганын да Нарымбаевдин көзүнчө айтты. "Нарымбаев аталган сумманы алганын же албаганын азырынча айта албайбыз",- деди басма сөз кызматкери.

Президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев бүгүн, 22-июлда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Нарымбаевге Кылмыш кодексинин “коррупция”, “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айып тагылды.
Эскерте кетсек, 15-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазов 100 миң доллар пара менен кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. Депутат Коркмазов президенттик аппараттын ошол кездеги жетекчиси Нарымбаев менен сүйлөшүп алып Н.Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар сураганы аныкталган. Бул акча Түлеевге караштуу мүлктөрдүн конфискацияланышын Жогорку Сотто оң тарабына чечип берүү үчүн суралган. Данияр Нарымбаев депутат Коркмазов аркылуу 7-майда Түлеевдин жакындарынан 50 миң доллар алганы да белгилүү болгон. Мындан кийин Нарымбаев "бул ишке тиешем жок" деп билдирүү жасоо менен кызматтан бошотууну суранып президентке кайрылып, президенттин жарлыгы менен 20-июлда кызматтан бошотулду. Депутат Коркмазов учурда СИЗОдо.
Нарымбаевдин бул коррупциялык ишке катыштыгы бардыгын Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева да жарыялады. Экс-мэрдин кызы бул иштин башкы фигуранты Данияр Нарымбаев экенин, Коркмазов ортомчулук кызматты аткарганын айтууда. Мындан тышкары бул чуулгандуу ишке катыштыгы бар делинип Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Канатбек Турганбековдун да ысымы аталган. Маалыматтарга ылайык, Турганбеков азырынча суракка чакырыла элек. Башкы прокуратура аталган кылмышка катыштыгы бар делинген бардык адамдар боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирүүдө.
Бишкектин мурдагы мэри Н.Түлеевди эки инстанциядагы сот күнөөлүү деп таап, 11 жылга эркинен ажыраткан. Азыркы тапта кылмыш иши Жогорку Сотто каралууда. Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган. 2015-жылдын май айында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жерди мыйзамсыз сатуу боюнча Нариман Түлеевге карата дагы бир кылмыш ишин ачкан.





Данияр Нарымбаев: "Түлеевдин кызынан пара сураган эмесмин"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(48)
22.07.2015. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кызыктар эми башталган турат окшойт.Жогор жактагылардын чон бизнеси билинип калды окшойт.Дагы кимдердин катыштыгы бары билинет болуш керек.Себеби оздорун акташ учун башкаларды да ала жатыш керек да.
22.07.2015. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ЭМИ кезек Индирада да жесдесин кандай камакка алат экен! Кызыгы Нарымбаев тиктетип жалган суйлоп арам акча менен бала багып эл алдында актанганы болдуго! болгондода ыйык орозонуну кундорундо!
22.07.2015. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринди бирин же
22.07.2015. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
мына сагаа! ! так бетине айтты дейт го
22.07.2015. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
200 мин доллар деп жаздынар эле го. Эми 100 го тушуп кеттиби?
22.07.2015. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Memory, бул Бир болугу, башкача айтканда Экинчи транш.
23.07.2015. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Memory, бул бийликке тушунбойм. Ташиев забордон ашып отту деп камаган эле ага деле макулмун.Садыр Жапаров забор ашбаса деле камап салган.Данияр байкени деле хотябы ошолордун катарына кошсо экен.
22.07.2015. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Атамбаевге кыйын болду жанындагылар уят кылды, эми Чыныбайды да кошо камаш керек. Негизи эле азыр СДПК да эски Бакиевдин коррупционер кадрлары толуп алганы окундурот.
23.07.2015. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Duko, Эмне учун куноосу жок ак иштеген Тулеев камалыш керек куноолуу Нарымбаев камалбайт тура эле иш болватыр. Келдибеков Ташиев Тулеевтер Жапаров ак таза адамдар бийлик буларды элге жаман коргозуп койду.
22.07.2015. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен азыр Түлеевге жиним келип жатат, анткени ал жеп-ичип, мамлекеттин мүлкүнө беш колун салып, анан күнөөсүн моюнуна албай (бирок баарыбыз эле ошондой болсок керек), элди митингге чыгарып, эми эки кишини кошо ала кирди. Кандайдыр бир деңгээлде себепчи болду да. Болбосо неге пара беришет алар, ак болсо акырына чейин күрөшүшпөйт беле? "Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети" дегендей эле болду окшойт. А тигилерди да актабайм, "сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт" болушту да.
Ajar. түзөттү 2015-07-22 19:18:38
22.07.2015. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ajar., Тулеев куноосу толук далилденбесе мойнуна албайтда, Ал эми пара беруу тууралу айтсак. Тулеевдин туугандарына таандык коптогон ишкана имараттар камакка алынган, ошолордун тизмесин кызы туура эмес алгансынар деп сотко берип сотто ошол мулкторду чыгаруу же тизмесин азайтуу максатында сураган булар. Ал эми Коркмазов Нарынбаевдин бетине айтып эркектик кылыптыр. Эми Нарынбаевдин балдызы Индира жездесин камай алат бекен? Болбосо Индирада кызматтан кетиши керек.
22.07.2015. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чоң энем айтчу, "адамдын көзү топуракка гана тоёт" деп. 50 миң доллар, ал аздык кылып, 100, 200, анан 350 миң доллар!!! Болгон сайын болсо дедирткен дүнүйө, ай...
Ajar. түзөттү 2015-07-22 19:19:22
22.07.2015. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ajar., чон эне ээн туура айтыптыр ..адамдын козу кабырдагы топурака гана тойот
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: