super.kg logo

Митингчилер Данияр Нарымбаевдин 2 айга камакка алынуусун, сот отурумунун ачык өтүүсүн талап кылышууда

 

Бишкекте бүгүн, 23-июлда Башкы прокуратуранын алдында президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевдин 2 айга камакка алынуусун талап кылган митинг өтүп жатат. Активисттер буга катар Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева менен президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевдин жолугушуусуна катышкан ЖКнын депутаты Чыныбай Турсунбековду да камакка алууну талап кылышууда. Активисттер башкы прокурор Индира Жолдубаева менен жолугушууну көздөшүүдө. Ошондой эле сот отуруму массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүсүн суранышат. Талаптардын катарында Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Канатбек Турганбековду да камакка алуу керектиги айтылат.

Кошумчалай кетсек, президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев кечээ, 22-июлда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Нарымбаевге Кылмыш кодексинин “коррупция”, “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айып тагылган. Ошол эле күнү Д. Нарымбаев Башкы прокуратурага суракка чакырылып, депутат Хажимурат Коркмазов менен беттештирилди. Анда Коркмазов Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин жакындарынан 100 миң доллар суратканын Нарымбаевдин бетине айтты.





Данияр Нарымбаевдин камакка алынуусун талап кылып митингге чыккан жаштар: "Индира Жолдубаева, элдин алдына чык!"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
23.07.2015. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеп жутарлар баары өз жазасын алыш керек мындайлар бизге керек эмес
23.07.2015. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодцы. Ушундай иштеш керек.
Арам акча кандай болорун жон териси менен сезишсин. Карапайым эл 100мин сомду аран табышса, Д.Н.га 100мин доллар кулку келтирерлик экен да.
23.07.2015. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура кылышат созсуз турдо козомол керек болбосо сот иши чалды куйду отуп бошоп кете берет мындайлар канча кайталанып жатат.Нарымбаев турмого отурушу керек.Мамлекетти чиритип,артка тарткандар жалан ушулар.Бул биринчиси дейсинби уже ачык эле келе деп коркутуп сураганга откон турбайбы.Булардын жазасы бироо гана турмодо чириши керек.
23.07.2015. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сот ак отсун. Мен да кошулам митингчилерге. Шайлоо алдында эле эмес, дайыма ушундай иштешсе экен.
23.07.2015. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коррупционерлер оз жазасын алышсын,Чыныбай Турсунбеков да катыштыгы бар экен тоже куноолу болсо камалсын.Митингчилер биз силер мененбиз.
23.07.2015. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 айга элеби жок дегенде 5 жылга камалсын!карапайым эл бир тоок урдаса бир топ жылга кесилет...ал эми чиновниктердин жан башы ак бекен!
23.07.2015. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сот процесси ачык отуусу керек, бармак басты коз кысты кылбай ушундай паракорлордун айынан кыргызстан жаркын келечеги жабыркап жатат. Урматтуу элим биз Таза коом учун курошобуз!
Медиа-портал
23.07.2015. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки катын бириксе ушак кууйт эле,эки адам бириксе митинг болп калдыго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: