Эльвира Сариева: "Мектепте сапаттуу тамактандыруу баланын өнүгүүсүнө таасир этет"
Бүгүн, 23-июлда билим берүү жана илим министри Эльвира
Сариева мектептердеги тамак-аш боюнча комиссиянын өкүлдөрү менен жолугушту. Мектептеги тамактандырууну жакшыртуу программасынын
алкагында аткарылган иштерди талкуулоодо окуучулардын ден соолугуна
пайда келтирүүдө биргелешип иштөөнүн таасири тийгенин белгиледи.
Автор: Автандил Добулбеков
“Өлкөбүздө өткөрүлгөн акыркы изилдөөлөргө ылайык, балдардын 30 пайызынын ден соолугу начар болуп төрөлөт. Балдардын физикалык жана психикалык жактан
өнүгүү көрсөткүчүн көтөрүү максатында иш-чараларды күчөтүү зарыл. Мектептеги тамактандыруунун
сапатын жогорулатуу боюнча министрликтин иш-чаралары балдардын интеллектуалдык
өсүшүнө жана физикалык өнүгүшүнө дагы багытталат”,- деп билдирди Сариева.
Кыргыз мамлекетинде мектептеги тамактандыруунун сапаты ушул эле программа боюнча иштеген көптөгөн мамлекеттерге салыштырмалуу алдыда экени айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

