Митингчилер: "Чыныбай Турсунбеков менен Канатбек Турганбеков да камакка алынуусу керек"





Бүгүн, 23-июлда бир катар активисттер Башкы прокуратуранын алдына чогулуп, президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевдин 2 айга камакка алынуусун талап кылган митинг өткөрүштү. Мындан тышкары КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков менен Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Канатбек Турганбековду да камакка алуу керек деген талап коюшту. Чогулгандар "эгерде Нарымбаев үй камагына чыгарылса, Башкы прокуратуранын алдына боз үй тигип, ачкачылык жарыялайбыз" дешти. Уюштуруучулардын бири Мелис Аспеков бул коррупциялык ишке катыштыгы бар чиновниктердин баары жоопкерчиликке тартылуусу керек деген пикирде.
"Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева алгач Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Канатбек Турганбековго жолукканда ал Нарымбаевге баруусун айтканын жарыялады. Андан сырткары Нарымбаев өзү Түлеевдин кызын кабыл алууда Чыныбай Турсунбеков да бар болгонун айтты. Ошондуктан бул ишке аралашкандардын баары жоопкерчиликке тартылуусу керек. Ал эми Нарымбаев 48 саатка камалганы менен, эртең эле үй камагына чыгып кетиши мүмкүн. Ошон үчүн биз анын толугу менен жазага тартылышын каалайбыз. Башкы прокурор Индира Жолдубаева менен жолугушуп, буларды айталы деген болчубуз. Бирок ал киши кабыл албай, орун басары Кылычбек Токтогулов менен жолуккула дептир. Биз аны менен жолугушуудан баш тарттык",- дейт Аспеков.
Кошумчалай кетсек, президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев кечээ, 22-июлда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Нарымбаевге Кылмыш кодексинин “коррупция”, “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айып тагылган. Ошол эле күнү Д.Нарымбаев Башкы прокуратурага суракка чакырылып, депутат Хажимурат Коркмазов менен беттештирилди. Анда Коркмазов Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин жакындарынан 100 миң доллар суратканын Нарымбаевдин бетине айтты.
Данияр Нарымбаевдин камакка алынуусун талап кылып митингге чыккан жаштар: "Индира Жолдубаева, элдин алдына чык!"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(9)
shura89

23.07.2015. 15:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Митинге чыккандардын баарын камаш керек тынч жашооду бузган бузукулар булар
Birbaw97

23.07.2015. 15:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
shura89, Омейда Нарынбаев Турсунбеков жыттанасынго..
Ajar.

23.07.2015. 15:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Активисттер өтө активдүү, ошон үчүн активист да, ээ... Качан, кайсы, кандай кырдаал болбосун, даяр турушат.
kyrgyz.93

23.07.2015. 15:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таза тынч жашоо керек Куносу барлар камалсын бааары
MIRAN

Медиа-портал
23.07.2015. 15:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки катын бириксе ушак кууйт эле,эки адам бириксе митинг болп калдыго.
Rakyl12

23.07.2015. 16:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаа... баары эле мен олбойун, баарын четтен жоопко тартыш керек тийиштуулорду
Gema

23.07.2015. 18:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноолу болсо жазасын алышсын бирок бул активистер да АКШ нын буйругун аткарып жатышат да эптеп эле бир жылчык на таап элди дурботуп которуу Кыргызстанда дестабилизация кылуу .Аман эле болушсун булар дагы,калп патриот болумуш болушуп АКШ нын акчаларына!
bom.bon

24.07.2015. 02:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу прокурор элдин алдына чыгын деген создору соонун,сылыктык.
Erkinbay_buiga

25.07.2015. 18:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл суранганды чыгыш керек болчу.эмнеге элди тоготпой чыкпай коет.Знаяит таза эмес.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.