super.kg logo
  Саясат  

Швейцария Нарын шаарын суу менен камсыздоону жакшыртууга 3,6 миллион евро гранттык жардам көрсөтөт

 

2015-жылдын 23-июлунда “Нарын шаарындагы канализация жана суу менен жабдуу системин реабилитациялоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөттөрүнүн ортосунда гранттык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу 23-июлда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Документке Кыргыз Республикасынын Каржы министри Адылбек Касымалиев жана Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рене Холенштейн кол койду.

Макулдашууга ылайык, Швейцария Конфедерациясы Нарын шаарына аталган долбоорду ишке ашырууга 3,6 миллион евро грант, анын 3,2 миллион евросу капиталдык инвестиция жана 0,4 миллион евросу техникалык колдоо катарында жардам көрсөтөт.

Долбоор Нарын шаарында суу менен жабдуу жана канализация системин жакшыртууну көздөйт жана өлкөнүн суу тармагын өнүктүрүүгө салым кошот. Аталган долбоорду каржылоого Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы да катышат, ал 2 миллион евро насыя жана 0,6 миллион евро гранттык жардам көрсөтөт. Бул боюнча кредиттик макулдашууга 2015-жылдын 8-июнунда кол коюлган болчу.

Жалпысынан алганда, “Нарын шаарындагы канализация жана суу менен жабдуу системин реабилитациялоо” долбоорунун жалпы суммасы 6,2 миллион еврону түзөт. Долбоордун аткаруучу агенттиги Нарын шаардык мэриясы, ишке ашыруучу агенттиги Нарын шаарынын “Суу-канал” ишканасы болуп эсептелет.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: