super.kg logo

100 миң доллар пара менен кармалган депутат Коркмазов ооруканага жаткырылды

 
Хаджимурат Коркмазов

Коррупция боюнча айыпталып СИЗОдо отурган Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазов ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 23-июлда Башкы прокуратурадан билдиришти. Депутат учурда УКМКнын атайын дарылануучу жайында жатат.

Эскерте кетсек, Коркмазов 15-июлда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин жакындарынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. Коркмазов президенттик аппараттын ошол кездеги жетекчиси Нарымбаев менен сүйлөшүп алып Н.Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар сураганы аныкталган эле. Бул акча Түлеевге караштуу мүлктөрдүн конфискацияланышын Жогорку Сотто оң тарабына чечип берүү үчүн суралган.
Данияр Нарымбаев депутат Коркмазов аркылуу 7-майда Түлеевдин жакындарынан 50 миң доллар алганы да белгилүү болгон. Мындан кийин Нарымбаев "бул ишке тиешем жок" деп билдирүү жасоо менен кызматтан бошотууну суранып президентке кайрылып, президенттин жарлыгы менен 20-июлда кызматтан бошотулду. Учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта.
Нарымбаевдин бул коррупциялык ишке катыштыгы бардыгын Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева да жарыялады. Экс-мэрдин кызы бул иштин башкы фигуранты Данияр Нарымбаев экенин, Коркмазов ортомчулук кызматты аткарганын айтууда. Мындан тышкары бул чуулгандуу ишке катыштыгы бар делинип Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Канатбек Турганбековдун да ысымы аталган. Маалыматтарга ылайык, Турганбеков азырынча суракка чакырыла элек. Башкы прокуратура аталган кылмышка катыштыгы бар делинген бардык адамдар боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирүүдө.
Бишкектин мурдагы мэри Н.Түлеевди эки инстанциядагы сот күнөөлүү деп таап, 11 жылга эркинен ажыраткан. Азыркы тапта кылмыш иши Жогорку Сотто каралууда. Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган. 2015-жылдын май айында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жерди мыйзамсыз сатуу кылмышы боюнча Нариман Түлеевге карата дагы бир кылмыш ишин ачкан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(79)
23.07.2015. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызык. Депутат,сот,министирлерибиздин баары эле оорукчан го. Тазасы калдыбы озу?
23.07.2015. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ооруп атат шылтоосу менен чет өлкөгө кетет коррупция аягына чыгат баягы эле көрүнүш эми нарымбаев да ооруп калат го
23.07.2015. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Э тиктетип туруп ушул кылгандары кандай болсун!
Уят болуп буттук башка олколорго!
Биринчи экинчиси ооруп калса макул эле, кайра кайрале бир эле сценарийди колдоно беришсе кызыгы кетип калат экен, бизге окшогон коруучулорго))
23.07.2015. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа бири рак боло калат бири инцульнт боло калат.креслодо отурганда эч жери эч нерсе болбой былк этпей иштешет
23.07.2015. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
инсульт же инфаркт болуп калбаптырбы тил ооздон калып жаман болуптур. ооруу кырсык айттырбай келет дейт го а азыр болсо айттырып же билдирип келеткен биринчи коорупция кыласын эч кимге билгизбей журо бересин а эгер кармалып калсан ооруп баштайсын жоготосун тушот айтор оор абалда болосун
23.07.2015. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эсинди жоготосун жамбашын тушот айтор жаман абалда каласын мен бир жолу ошондой болгом коррупция бироодон коооп акча алдым коопко чейин тушуп журду синирдим кайра аягып кеттим силер да ошенткиле пара алгандан кийин эч кимге айтпаш керек менин кенешим
23.07.2015. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу.Просто соз жок буларга.Аллахтан гана сураналы кыргыз элиме ыйман ынсап берсин озгочо чондорубузга.
23.07.2015. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Xaxaxa уялышса болмок бир эле сценарийди кайталап еле ойной беришеби. Башка сценарий жазгыла эми Нарымбаевке эл ишене турган.
23.07.2015. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Eger men prezident bolsomchuuu,ushulardyn baaryna emgek sinirgen kloundar degen naam bermekmin
23.07.2015. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооойй со чуствую бедный больной!
23.07.2015. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок силер айта бергенинер менен, УКМКАнын сизосу оорубаган жерлерди оорута коё турган жер.
23.07.2015. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саятаттын сасык оюндарын жанылмачтай жаттап деле буттукко.
Оорукана дегенде эле сот ага
кепилдик бергени да.
Соттордун оозун майлап суттоп койсо,
эртен ак болуп чыга келет
24.07.2015. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде чындык калбай калдыго дейм жада калса ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-07-24 10:25:39
24.07.2015. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurik838383 - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
24.07.2015. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы экенда Нарынбаев барса экоо эрикпей маектешим дем алышат гоо
24.07.2015. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча деп баары кадыр баркын кетирет экенда э эртенки кундо балдарына неберелерине кандай акыл насат айтышат жашыда барып калыптыр кудай деп ак иштеп сооп чогулта турган мезгилде пара алып жатканын кара
24.07.2015. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не болгон баары оорукчанбы уялбайбы кармалгандан кийин достойной жазаны алыб срок матать этсин,же акча толосун буджетке ошо жеген суммадан торт эсе коп.бир кой урдаган адамды уч торт жылга смело камайт ал бечара ууру орумак олуп калсада срок матать этет достойно.
24.07.2015. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башталды окшош сценарий
24.07.2015. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kandai kyzyk okuialar e? Ushu chondorubuz sizogo olturushsa ele oorupkalyshat, emi munusu da kachty go ketti da, akchany berdi kutuldu bizdin vrachtar dagyn korupciaga batyp kalyshkan da!!!
24.07.2015. 06:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандагы ар дайымкы эле корунуштордун бири тан кала турган деле нерсе жок кандай оор кылмыш кылсан дагы сот болоордун алдынан врачка кичине тыйын карматып койсон сени оорулуу деп жаткызып койот больницага.а бирок эн эле тан калыштуусу президентибиз эмнеге ушундайларга конул бурбайт?эмне Кыргызстанда канчалаган адамдарды олтуруп турмого тушсонда акчан болсо кайра чыгып кете бересинби? Кана акыйкат? Кана адилеттуулук? Ушундайларды угуп Кыргызстанда жашагымда келбей кетет!!!
24.07.2015. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
/Ар дайым ооруп калсанар не..акчаны аларда ООруп калсанар не......
24.07.2015. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу ооруп калгандарга кандайдыр бир мыйзам керек экен.Сыртынардан соттойбуз деген.
24.07.2015. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тооба кылдым адат кылып алыштыго СИЗОго камалса эле ооруп калып куйгузуштуго булар.
24.07.2015. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай эле булар оорукана жата калат. Шылтоо да. Баардык коррупция менен кармалган аткаминерлер ооруканага жатып чыгышты.Бул недеген шумдук
24.07.2015. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karona буларга кучтуу президент алып келсен 1 айда аны да жеп коюшат го
24.07.2015. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ОХ эмне болгон бийлик бул. Журогум сыздап эле кетти го . Чындык качан женет экен ааа Кыргыздарым !!!!
24.07.2015. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичине чыдап тургула мунун баары унутулуп кайра эле ордунда иштей башташат
24.07.2015. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oorubai ele ХХХ ХХХ ХХХ el yrazzy ele))))) bul korkmazov kyrgyz emes go ee? Eldin akchasyn jese kudai batyrak jazasyn bersin.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-07-24 17:01:03
24.07.2015. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baikashtyr, этика нормаларын сактаңыз!
25.07.2015. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коррупциянын жалгыз душманы - Олум! Олум жазасын киргизсек Коррупция коншу мамлекеттерге качып кетет.
25.07.2015. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардан ушуну кутсо болот, бат эле ооруп калышат булар.
03.08.2015. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100 пайыз гарантя берем данияр да хаджимурат да акталып чыгат
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: