super.kg logo
  Саясат  

Түркия өкмөтүнө Кыргыз Республикасынан экспорттолгон төө буурчакка болгон бажы төлөмүн төмөндөтүү сунушу киргизилди

 
Түркия өкмөтүнө кыргыз өлкөсүнөн экспорттолгон төө буурчакка болгон бажы төлөмүн төмөндөтүү сунушу киргизилди. Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев 23-июлда Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлюд Чавушоглуну кабыл алган учурда билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.  

Премьер-министр кыргыз жеринде өстүрүлгөн төө буурчактын басымдуу бөлүгү Түркияга экспорттолгонун билдирип, бирок 2014-жылдан тарта төө буурчакка бажы төлөмдөрү жогорулатылганына байланыштуу аны экспорттоо пайдасыз болуп калганын маалымдады. Буга байланыштуу Темир Сариев Түркия Республикасынын өкмөтү бул маселеге көңүл буруп, аны оңдуу чечип берерине ишеним билдирди.

Өкмөт башчы ошондой эле түрк ишкерлери өз каражаттарын Кыргыз Республикасынын энергетика, тоо-кен өндүрүү тармактарына инвестициялай ала тургандыгы тууралуу маалымдады.

Өз кезегинде Мевлюд Чавушоглу жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз өлкөсүнө алгачкы ирет сапар жасап жатканын айтты. “Мен биздин өлкөлөр аралык кызматташтыктын чыңдалышына колдон келген аракетти жасайм. Жолугушууда көтөрүлгөн маселелердин бардыгы Түркия жетекчилигине толугу менен маалымдалат. Биздин өлкө кыргыз өлкөсүнүн жарандарын колдоого алууга даяр жана биз жемиштүү кызматташууга ишеним билдиребиз”,- деди Чавушоглу. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: