Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан быйыл 1,4 миллиард сомго 271 объект куруу пландаштырылган




Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2015-жылы “Капиталдык
салымдар” беренеси боюнча республикалык бюджеттин эсебинен өлкө
боюнча 1,4 миллиард сомго 271 объект курууну пландаштырган. Бул тууралуу бүгүн,
24-июлда аталган мекеменин директору Турдубек Мамбетов агенттиктин 1-жарым
жылдыгы үчүн аткарган иши боюнча өтүп жаткан жыйында билдирди. Анын айтымында, жогорудагы
каражаттын учурда 529,1 миллион сому бөлүнүп берилди. Бул сумманын 447,5
миллион сому же 84,6 пайызы өздөштүрүлдү.
Автор: Наргиза Бекжанова
Фото: Наргиза Бекжанова
“Быйыл тизмеге кирген объектилерге анализ жүргүзүүдө 55,4 пайызы өтмө, 44 пайызы жаңы объектилер экени маалым болду. Бул жылы 193 мектеп, 24 бала бакча, 20 саламаттыкты сактоо объектилери, 15 спорттук комплекс, 7 Маданият үйү, 5 суу менен камсыз кылуу объектилери жана башкалар курулат деп пландаштырылган”,- деди Мамбетов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
uefamif

24.07.2015. 15:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик Аллах колдосун!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.