2015-жылдын июлунда кошумча чыгымдардын жалпы көлөмү 819 миллион сомду түзөт
2015-жылдын июлуна республикалык бюджеттин кирешелеринин, ресурстарынын жана бюджеттик чыгашаларынын кошумча каржылык планына ылайык, июль айында кошумча чыгымдардын жалпы көлөмү 819,6 миллион сомду түзмөкчү. Бул тууралуу 23-июлда Каржы министрлиги кабарлады.
Каржылык эмес активдер боюнча чыгымдарга 423,3 миллион сом бөлүнөт, анын ичинде 196,4 миллион сому “имараттар жана курулмалар” беренеси боюнча чыгымдарга, 226,9 миллион сому “машиналар жана жабдуулар” беренеси боюнча чыгымдарга кетет.
"Операциялык чыгымдарга (министрликтер, ведомстволор жана бюджеттик мекемелер аркылуу каржылануучу чыгымдар) 276,7 миллион сом жумшоо пландалууда",- деп билдирет мекеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

