Президент Алмазбек Атамбаев Япониянын императору Акихито менен жолугушту

Бүгүн, 27-февралда Японияга жасаган расмий сапарынын алкагында КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев аталган өлкөнүн императору Акихито жана император айымы Митико менен салтанаттуу жагдайда жолугушту. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө япон императору эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызматташуу мындан ары чыңдала берерине ишеним арта тургандыгын билдирди. Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден бери Япония тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардам жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

