Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин башчысы кызматына Абдужалил Юнусов дайындалды

Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин башчысы кызматына Абдужалил Юнусов дайындалды. Тиешелүү жарлыкка борбор калаанын мэри Кубанычбек Кулматов кол койгонун бүгүн, 24-июлда мэриянын басма сөз кызматы жарыялады.
Айта кетсек, буга чейин бул кызматты Шейшенкул Бакиров аркалап келген. Ал жакында Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы кызматына премьер-министр Темир Сариевдин буйругу менен дайындалган.
Абдужалил Юнусов 1953-жылдын 4-декабрында Талас облусунун Манас районундагы Кызыл-Жылдыз айылында туулган. Ал дзюдо күрөшү боюнча Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын 3 жолку чемпиону.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

