super.kg logo
  Саясат  

Уюшкан кылмыштуулукка, диний экстремизмге, балдарга карата зомбулук көрсөтүү фактыларына жана коррупцияга каршы чараларды күчөтүү тапшырмалары берилди

 

Ысык-Көл облусунда Ички иштер министрлигинин коллегиясынын көчмө жыйыны өттү. Ага катышкан премьер-министр Темир Сариев министр Мелис Турганбаевге уюшкан кылмыштуулукка, диний экстремизмге, балдарга карата зомбулук көрсөтүү фактыларына жана коррупцияга каршы чараларды күчөтүү тапшырмаларын берди. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти. 

Сариев кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жылыштар болуп жатканын айтты. "Бирок бул көрсөткүч жетишсиз",- деди ал. 

Муну менен катар өкмөт башчы укук коргоо кызматкерлери тартипти сактоону өздөрүнөн баштоосу керектигин эскертти. “Сиздер бийлик органдарынын, мамлекеттик кызматкерлердин үлгүсү болосуздар. Формачан жактардын тартиби, жүрүм-турумунан улам жарандардын бийликке болгон мамилеси, баасы калыптанат. Ошондуктан ар бир укук коргоо кызматкери өзүн абийирдүү алып жүрүп, жүрүм-туруму аркылуу өсүп келе жаткан муунга үлгү болуусу абзел. Ошондо гана элге сөзүбүз өтүмдүү болот. Эгерде өзүңүздөр мыйзам бузсаңыздар, эл сиздерди укпайт”,- деди ал.

Муну менен катар ички иштер органдарындагы жат көрүнүштөр, коррупцияга байланыштуу эл арасындагы даттануулар азайбай жатканын кошумчалады.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: