Алмазбек Атамбаев Бишкек менен Ошко 20 балдар аянтчасын ачууга акча бөлдү
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен Бишкектин Самойленко көчөсүндө бүгүн, 24-июлда балдар аянтчасы ачылды. Атайын программанын алкагында Бишкек шаарында дагы 12, Ош шаарында 8 балдар аянтчасы ачылары айтылды.
"Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек жана Ош мэрияларынын мындай демилгесин колдоп каржылык жардам көрсөттү. Мындай аянтчаларды ачуу балдар үчүн маанилүү. Бала куракта үйдөгү, короодогу жылуу көз ирмемдер балдарды өмүр бою коштоп жүрөт",- деп билдирди иш-чарада КРнын Президентинин аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Кудайбердиева.
Балдар аянтчасын ачууга каражат президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунун эсебинен берилгенин президенттик аппараттан билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

