super.kg logo
  Саясат  

Равшан Жээнбеков: “АКШ менен келишимди бузганы үчүн келечекте Темир Сариевге кылмыш иши козголушу мүмкүн”

 

“АКШ менен кызматташтык келишимин денонсациялаганы үчүн келечекте премьер-министр Темир Сариев коррупция же кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча жоопко тартылышы мүмкүн”,- деди Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков бүгүн, 24-июлда аталган тема талкууланган жыйында. Депутаттын айтымында, премьер-министр эч кандай талкуусу жок, мамлекет үчүн маанилүү болгон документти өз алдынча чечип койду.

Мен экс-министр катары айта алам, буга окшогон келишимдерди денонсация кылуу үчүн министрлер менен талкуулоо керек. Жогорку Кеңеш тарабынан каралып, коомчулукка билдирилип, анан кабыл алынышы керек болчу. Менин өздүк булактарым билдиргендей, Сариев өзү биринчи документке кол коюп, андан кийин министрлерге кабарлаган. Премьердин айтымында, 1993-жылы кабыл алынган документ Жогорку Кеңештин добушу жок эле чечилет. Бирок бул чечим маанилүү болгондуктан, коомчулуктун талкуусуна чыгышы зарыл болчу. 

Келечекте бул боюнча иликтөө жүргүзүлсө, Темир Сариевге кылмыш иши козголушу мүмкүн”,- деди депутат.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: