Активист: “АКШнын ниети башкада, бизге сыйлабастык менен мамиле кылып жатат”



“АКШнын Азимжан Аскаровго берген сыйлыгы - шайлоо астында жасалган пафостук кыймыл”. Мындай пикирин бүгүн, 24-июлда жарандык активист Айдин Бакытбек уулу АКШ менен кызматташтык келишимин денонсациялоого арналган жыйында билдирди. Анын айтымында, эгер Америка бийлиги ак ниети менен Аскаровду күнөөлүү эмес десе, башка кадамдарга бармак.
“Азимжан Аскаровго карата соттун чечими 4 жыл мурун чыккан. Эмне үчүн ушул күнгө чейин Американын депутаттары, конгрессмендери адилетсиз чечим чыгып жатса, биздин бийлик өкүлдөрүнө келип кайрылышпайт? Анткени булардын ниети башкада, бизди сыйлабастык болуп жатат”,- деди активист.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

