super.kg logo

Ош облусунун аймагында 2 күндө 30 гектар жердеги кара куурайлар орулуп, жок кылынды

 

Ош облусунун аймагында 2 күндө 30 гектар жердеги кара куурайлар орулуп, жок кылынды. Бул иш-чара Ош облусунун аймагында “Кара куурай” деген аталыштагы операциянын алкагында болду. Анда Кара-Суу, Кара-Кулжа райондорунун аймагында милиция кызматкерлери жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу боюнча иш алып барышууда. Бул тууралуу ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынан кабарлашты. 

Маалым болгондой, иш-чарада айыл тургундарына үй алдында өскөн жапайы өсүмдүктү жок кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, там алдындагы жерлерге чыккан кара куурайды жок кылуу аракети көрүлбөсө, Кыргыз Республикасынын Административдик кодексинин негизинде жазага кириптер болушу мүмкүн. Ал эми атайылап өстүргөн болсо, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 250-беренесиндеги кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголот. 

“Кара куурай” операциясынын жүрүшүндө жапайы өсүп чыккан бул уулуу өсүмдүктү оруп, өрттөп жок кылуу колго алынган. Эки күндүн ичинде Ош облусунун аймагында 30 гектардан ашуун жердеги кара куурай өсүмдүгү жок  кылынды. Иш-чара уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.07.2015. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай иштерди окуучулук куракта биз эле бүтүрүп койчубуз ))) Анткени класс-класс болуп бөлүнүп алып кара куурайларды терип, атайын белгиленген жерге алып келип төкчүбүз. Кийин кургаганда ал өрттөлчү. Чарчачу эмеспиз,кыйналчу деле эмеспиз, ошентип чооң пайда алып келчү экенбиз.
24.07.2015. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул өсүмдүктү бир кезде ата-бабалар кадимки турмуш-тиричиликке пайдаланышчу экен, мындан аркан өрүшчү, жаңылбасам. Кийин баңги каражаты катары "жек көрүндү" болуп калды да...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: