super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы: "Парламенттик шайлоодо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү саясатка кийлигишүүгө аракет кылышат, мындай көрүнүшкө жол берилбеши керек”

 

"Күздө болчу парламенттик шайлоодо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү саясатка кийлигишүүгө аракет кылышат, мындай көрүнүшкө жол берилбеши кажет". Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев Ички иштер министрлигинин Ысык-Көл облусунда өткөн көчмө жумушчу коллегиясынын учурунда билдиргенин өкмөттөн кабарлашты. 

Анын айтымында, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш тийиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жатат. Буга байланыштуу жарандар криминалдын кол салуусунан өздөрүн коопсуз сезбей жатышат. Өкмөт башчы учурда уюшкан кылмыштуу топ өлкөдөгү экономикалык процесстерге гана эмес, социалдык-саясий жараяндарга кийлигишүүгө аракет кылып жаткандыгын билдирди.

“Былтыр уюшкан кылмыштуу топтун 62 мүчөсү кармалып, бирок алардын жарымынан азы гана реалдуу жаза мөөнөтүн алган, калганы шарттуу түрдө кесилген.

Буга чейин туристтик сезон учурунда ушундай топторго каршы чараларды күчөтүү тапшырмасы коюлган. Ага карабастан, учурда айрым пансионат жетекчилери тараптан мындай маанидеги даттануулар түшүүдө",- деди ал. 

Мындан тышкары премьер-министр мектеп рэкетчилиги көйгөйү өлкөдөгү криминалдык идеологиянын кеңири таралышынын кесепети болуп жатканын эскертти. 







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: