super.kg logo
  Саясат  

Кылычбек Султанов: "Малайзиялык коноктор үчүн күнүнө бир номерге 14 000 сом төлөнчү отелди тандаган элем, бирок сервиси ойдогудай болбоду"

 
КРнын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов
Бишкекке 24-июлда Малайзиядан делегация келип, SUPER.KG`нин журналисттери конокторду мейманканага чейин коштоп барышкан. Мындагы айрым кемчиликтер байкалып, "Park Hotel" мейманканасындагы сервистин начардыгын сындаган элек. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султановдун пикирин сурадык. Элчи борбор шаардагы алдынкы деп эсептелген отелден мындай мамилени күтпөгөнүн айтты:
"Park Hotel" мейманканасын мамлекетибиздеги эң кымбат, эң жакшы отелдердин бири деп тандагам. Шаардын чок ортосунда, бак-дарактуу аймакта жана Өкмөт үйүнө жакын жайгашканын эске алган элем. Кымбат мейманкана болгондуктан, сервис да мыкты болуш керек деп ойлогом. Тилекке каршы, конокторду тосуп алууда отелдин кызматкерлеринен кыргыздарга таандык меймандостукту көргөн жокпуз. Эң мыкты делген отелдерден ушуну көрүп жатсак, калганын билбейм. Отелде бир номерди 1 күнгө 14 000 сомдон ижарага алуудабыз. 
Малайзиянын эң алдынкы медиамекемелеринен мыкты делген 6 журналист келди. Аларга биздин жердин табияты жагып жатканы билинди, алар жерибиздин кооздугуна басым жасашууда. Коноктор бүгүн Ысык-Көлгө кетишти, ал жактан да кымбат мейманкана тандадым. Сервиси жакшы болсо экен деп тынчсызданып жатам",- деп билдирди Кылычбек Султанов.
Элчи малайзиялык делегациянын чыгымын өз каражатынан төлөп жатканын, жалпы 10 миң доллардай каражат жумшаларын кошумчалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: