"Ислам мамлекети" тобу видео аркылуу кыргыз элине кайрылуу жолдоду

"Ислам мамлекети" террористтик тобу "Кыргызстандын элине кайрылуу" деп аталган видеотүрмөк жарыялады. Видео интернетке (YouTube) 25-июлда кечинде чыгып, жарыялангандан 6 саат өткөндөн кийин YouTube видеохостингинин администрациясы аны өчүрдү. Kloop.kg`нин өкүлдөрү тасманы көрүп, андагы кадрларды тартып алууга жетишкен. 9 мүнөткө созулган тасмада кыргыз тилинде сүйлөгөн белгисиз жарандын кайрылуусу орун алган. Анда "Ислам мамлекети" тобуна кошулууга чакырык ташталганы айтылды. Кайрылууда Кыргыз Республикасы "каапырлар өлкөсү" деп аталып, жарандар адамдар тарабынан ойлоп табылган мыйзам, эрежелер менен жашап жатканы белгиленген.
Видеотасма төмөнкүдөй жазуу менен бүтөт:
"Бул кайрылуудан бир аптадан кийин биздин боордош Бейжи шаарына аттанып, муртаддарга каршы салгылашка катышты. Айыгышкан кармашта ал жаракат алды, биз Жараткандан анын калыбына келүүсүн сурайбыз".
Эскерте кетсек, мындан 10 күн мурун Бишкекте жардыруу уюштурууну көздөгөн топ жок кылынган. УКМК өлтүрүлгөн жана кармалган жарандар "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрү экенин жарыялаган эле. Бишкектеги аталган топту каржылап, көмөктөшкөн деп күнөөлөнүп Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Максат Кунакунов аэропорттон кармалып камакка алынды.
Автор: Автандил Добулбеков
Фото: Kloop.kg

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
3

Эскертүү!
Этика нормаларын сактаңыз!
Тынч жаткан Кыргыз элимден колунду тарт!!!
Кыргыз элин булар ким ойлоп жатышат озу? Мындай канкорлорго Кыргызстанда орун жок!!!
Источник: http://geographyofrussia.com/siriya/