super.kg logo

Америкалык ырчы Уитни Хьюстондун кызы 6 ай комада жаткандан кийин көз жумду

 
Бобби Кристина Браун
Америкалык ырчы Уитни Хьюстондун кызы менен.

Америкалык ырчылар Уитни Хьюстондун жана Бобби Браундун 21 жаштагы кызы Бобби Кристина Браун 26-июлда көз жумду. Ал 31-январда өзүнүн жуунуучу бөлмөсүнөн эс-учун жоготкон абалда табылгандан кийин эле комага түшүп калган эле. Бул тууралуу чет элдик басма сөз каражаттары жазып чыгышкан.

Кристина Браунду жарандык никедеги күйөөсү Ник Гордон досу менен суу толтурулган ваннада көмкөрөсүнөн түшкөн абалда көрүшкөн. Ал полиция жана "Тез жардам" кызматын чакырган. Дарыгерлер келгиче жасалма дем алдырып турган. Көп убакыт өзүнө келбеген кызды көргөндө анын үй-бүлөсү оор чечим кабыл алып, Кристина Браунду дем алуу аппаратынан да өчүрүүнү айтып чыгышкан. Анын мээси кандай абалда экенин билүү үчүн врачтар дарынын өлчөмүн азайтканда кызды калтырак баскан. Ушундан улам аны кайрадан жасалма дем алдыруучу аппаратка салышкан.  

Эске салсак, Уитни 2012-жылы 11-февралда 48 жаш курагында дүйнө салган. Анын жансыз денеси Лос-Анжелестин “Беверли Хиллтон” мейманканасынан табылган. Бобби Кристина апасынын каза болгонун оор кабыл алып, эки жолу психикалык дарылоодон өткөн. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
27.07.2015. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаман болуп тур жаткан жери жайлуу болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: