Малайзиялык журналисттер кыргыз өлкөсүнүн кооз жерлери жөнүндө репортаж даярдашууда





















Малайзиянын алдынкы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн кыргыз жериндеги иш сапары уланууда. Чет өлкөлүк журналисттер кыргыз жеринин кооздугун даңазалаган репортаж даярдашып, өлкөнүн кызыктуу жайларына, каада-салттарына кызыгышып, жергиликтүү тургундардан интервью алышууда.
Коноктор 25-июлда Чүй облусундагы “Бурана” тарыхый комплексине, Ысык-Көл облусунун кооз жерлерине барышты. Учурда Ысык-Көлдө эс алышууда, жакынкы күндөрү башка кереметтүү жерлерди кыдырышат.
Айта кетсек, 24-июлда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин чакыруусу менен өлкөгө “The Star”, “TV3 Malaysia”, “Bernama” аттуу 3 ири малайзиялык медиамекеменин журналисттери келишкен. Алар: кабарчы Ох Чин Энг (“The Star”), фотограф Онг Сун Хин (“The Star”), кабарчы Азария Тагайа (“TV3 Malaysia”), оператор Ахмад Азизи бин Аднан (“TV3 Malaysia”), кабарчы Суриати Сануси (“Bernama”) жана оператор Хайрул Икхван бин Жаафар (“Bernama”).
Иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасын эл аралык аренада көрсөтүү жана тааныштыруу.
кошулду









1 |