super.kg logo

Бишкекте фарфорго түшүрүлгөн кытай живописи көрсөтүлөт

 
Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде 29-июлда фарфорго түшүрүлгөн кытай живописинин көргөзмөсү ачылат. Иш-чара кыргыз жериндеги Кытайдын маданият күндөрүнүн алкагында өтөрүн музейден билдиришти. 
Маалыматка караганда, көргөзмө 4-августка чейин уланып, анда фарфордун борбору аталган Цзин Дэ Чжэнь аймагынан алынып келинген 30дан ашуун экспонат коюлат. 
Фарфордогу живопись 6000 жыл мурун кытай маданиятынын органикалык бөлүгү катары пайда болуп өнүккөн. Бул искусство түрүнүн өнүгүшүнө ар кайсы убактагы философиялык, эстетикалык жана технологиялык шарттар таасирин тийгизген. Эволюциянын негизинде фарфорго сүрөт тартуу боюнча көз карандысыз мектептер технологиялык, көп түрдүүлүк, композициялык, стилистикалык жактар боюнча өзгөчөлөнө алган. Фарфорго түшүрүлгөн символикалык көрүнүштөр кытай элинин дилин чагылдырган. Кытай дүйнө жүзүнө фарфор аркылуу таанылган. Улуу Жибек жолу аркылуу фарфор бүт дүйнөгө таралган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: