super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев АКШ менен келишимди бузуу боюнча пикирин айтты

 
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-июлда Чолпон-Атада журналисттер менен жолугушууда АКШ менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы эки тараптуу келишимдин бузулушу тууралуу пикирин айтты. Мамлекет башчыга "АКШ менен келишимди бузуу менен кыргыз өлкөсү көп багыттуу саясаттан бир багыттуулукка бет алдыбы?" деген суроо берилип, президент мындай жооп берди:
"Биз үчүн бир эле багыт бар: бул - Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгы. Биз ушуга карата иштейбиз. "Бир адамга, тактап айтсак, Азимжан Аскаровго сыйлык бергени үчүн эле АКШ менен мамилени бузуу керек беле?" деп сындап жатышат. Ошол бир адамды сыйлоо дымып бараткан отко чок таштоо, козутуу болушу толук мүмкүн. "Эки тараптуу келишим, иштешүү" деп аты эле айтып тургандай, эки тараптын кызыкчылыктары бирдей корголуп, эки тараптан тең сыйлоо болушу керек. Кыргыз Республикасы кичинекей өлкө экенине карабай мамилени тең ата жүргүзөт". 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: