super.kg logo

"Ата Мекен" бардык саясий партияларды “Таза шайлоо үчүн" макулдашуусуна кол коюуга чакырып, кайрылуу жасады

 
"Ата Мекен" социалисттик партиясы “Таза шайлоо үчүн" макулдашуусуна кол коюу чакырыгы менен бардык саясий күчтөргө кайрылуу жасады. “Ата Мекен” бардык саясий күчтөрдү демократиялык шайлоолордун принциптерине жана нормаларына таянып, элибиздин кызыкчылыгын баарынан бийик коюп, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып, “Таза шайлоо үчүн" макулдашуусуна кол коюуга чакырат.

2015-жылдын жылдын 6-августунда саат 12:00дө "Park Hotel" мейманканасынын чоң залына саясий партиялардын жетекчилери чогулуп, төмөндөгүлөрдү камтыган макулдашууга кол коюуну сунуштайбыз.

"10 принцип": 

1. Шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүүдө демократиялык шайлоолордун принциптерин жана нормаларын сактоо;

2. Шайлоо процессинин бардык катышуучуларын сыйлоо менен шайлоону ачык-айкындуулук принциптеринин негизинде эркин, адилет жана калыс өткөрүүнү жөнгө салуу;

3. Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын жетекчиликке алып, экономикалык туруктуулукту жана жашоочулардын саясий, топ ичиндеги, ошондой эле жеке кызыкчылыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу;

4. Шайлоо өнөктүктөрүнүн жүрүшүндө улуттук, диний жана социалдык араздашуулардын, экстремизм жана ксенофобиянын келип чыгуусун шарттаган технология жана ыкмаларды болтурбоо жана ага каршы туруу;

5. Саясий партиялардын жана шайлоо процесстеринин башка катышуучуларынын дарегине карата такталбаган жана жалган маалыматтарды таратууга, укуктук жактан туура эмес технологияларды колдонууга жол бербөө;

6. Ар бир шайлоочунун шайлоо эркиндигине болгон укугун сыйлап, коркутуу жолу менен шайлоочунун тандоосуна шек келтирип, кысым көрсөтпөө:

7. Шайлоо учурундагы талаштарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактап, укуктук талаада чечүү;

8. Шайлоо комиссияларына басым көрсөтүүдөн баш тартуу;

9. Шайлоо чөлкөмдөрүндө жана аймактык шайлоо комиссияларында кесипкөй байкоочуларды даярдоону камсыз кылуу;

10. Шайлоо өнөктүгүнүн бардык этаптарында жалпыга маалымдоо каражаттарынын, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен тыкан коомдук көзөмөлдөөнү ишке ашырууну камсыз кылуу.

Долбоордун координатору :

Асия Сасыкбаева, Жогорку Кеңештин вице-спикери, "Ата Мекен" фракциясы.

Жооптуу катчысы:

Калыс Боронбаев, телефон номери: (0559) 77-55-26.

 



кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
27.07.2015. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата Мекен абдан туура кадам жасоодо. Анткени партиялардын, саясий кучтордун кузгу шайлоодогу ынтымагы-бул Кыргызстандагы тынчтыктын кепилдиги болуп калат. Азыркы ааламдык саясий оор кырдаалда чакан Кыргызстан учун тынчтык жана туруктуулктан ашкан байлык жок. Кеп кезеги калган партиядарда.
27.07.2015. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-Мекен туура кадам жасоодо, бирок копчулук ушул туура кадамды колдоор бекен же акчага алданып дагы деле шоопур менен жансакчыга мамлекетти башкартар бекен
27.07.2015. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чындыгында Ата-Мекендин позициясы абдан адилеттуу болуп жатат башкача айтканда шайлоо алдынан "эркекче суй"
28.07.2015. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ата мекен что то коп голос аларына козу жетип калып коркуп жаткандагысы го.
28.07.2015. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ата мекенби апа мекенби ата журтунбу кайни журтунбу шайлоого эл учун эмес бийлик учун келатышканы окунучту.бийлике келгенде эл учун деп иштесен камаласын ошондуктанда
28.07.2015. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
он биринчи принцип:менин партияма добуш бер деп сыртта туруп алып адамдарга 200 сомдон 1500 сомго чейин акча таратканды же болбосо 100граммдан арак куйганды токтотойлу.
28.07.2015. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ата мекен учун биздин уйбулонун атынан 13добуш
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: