super.kg logo

Өмүрбек Текебаев: "Эгерде бүгүнкүдөй жол менен бара берсек, биз кайрадан 2010-жылга чейинки диктатурага жана соттук баш аламандыкка толук келип калышыбыз мүмкүн”

 

26-июлда Ош улуттук драма театрында "Ата Мекен" партиясынын облустук конференциясы өтүп, ага миңден ашык делегат жана меймандар катышты. Алардын катарында “Улуттар биримдиги” партиясынын, Кыргызстан элдик-демократиялык партиясынын, үй куруучулардын, Орусиядагы мигранттардын ассоциацияларынын өкүлдөрү катышты. Чыгармачыл интеллигенциянын атынан “Айтыш-фильм” киностудиясынын жетекчиси Садык Шер-Нияз, журналист Шайырбек Абдрахманов болду. Катышкан коноктор эмне себептен “Ата Мекен” партиясын тандап алышкандыктарына токтолушуп, партиянын кыргыз өлкөсүндөгү эң алгачкылардан болуп негизделген партия экендигин, партия өзүнүн чейрек кылымдык тарыхында бай саясий тажрыйба топтоп, адилеттик үчүн өз учурунда башкаруу режимине каршы күрөшүп, 2005-2010-жылдары элдик көтөрүлүштү жетектөөнүн башында турганын айтышты.

“Ата Мекен” түзүлгөн күндөн баштап өзүнүн принциптеринен тайбай, бүгүнкү күндө башка партиялардын алдынкы катарында туруп, таза шайлоолорго негизделген саясий атаандаштыкты, туруктуу саясий системди сунуштап, аны турмушка ашырууга аракет кылган, бул жээктен тигил жээкке секире качпаган, бекем саясий эркиндикке ээ кыргыз жериндеги жападан-жалгыз көз карандысыз партия экени белгиленди.

Конференцияда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөп, бүгүн коомчулук радикализмдин үч түрүнө каршы күрөшүүсү керектигин айтты, алар: саясий, экономикалык жана диний радикализм.

"Тилекке каршы, бүгүнкү күндө саясий радикализм диктатураны пайда кылып, соттордун баш аламандыгын жаратып, бул коомчулукту чайпалтууда. Бүгүнкү саясий системдин өзөгүн бийликте көзөмөлдүн жоктугу, башкаруучу топтун мыйзамды тоготпой каалаганын кылып жаткандыгы түзүүдө. 

Диний радикализмге кайрылсак, СССРдин кулашы менен калктын руханий жан дүйнөсүндө боштук пайда болуп, ушундай олку-солку абалдан пайдаланууга аракет кылгандар арбын болду. Учурдан пайдаланган диний күчтөр өздөрүнүн көз карашын, идеяларын таңуулап, коомчулукту дендароо кылууга аракетин улантып келет. Ислам радикализми ошолордун катарында турат. 

Ошондой эле социалисттер рыноктук экономиканы колдойт, бирок рыноктук радикализмге бекем каршы чыгып келген жана чыгып жатат. "Биз коомдун жашоосун коммерциализация кылууга каршыбыз. Иш жүзүндө эркин рыноктук моделдин атаандашы жок дегенибиз турмушта мифке айланып отурат. Көрсө, рынок учурунда дагы сатууга жана сатып алууга мүмкүн болбогон көөнөрбөс дөөлөттөр бар тура. "Ата Мекен" социалисттик партиясы ошол үчүн күрөшөт.

2010-жылы биз бир үй-бүлөнүн башкаруусуна жол бербейли деп саясий күрөшкө чыкканбыз. Тилекке каршы, максатыбызга жеткен жокпуз, анткени бүгүнкү күндө өлкөдө бир партиянын башкаруусу өкүм сүрүүдө. Сот системи талкаланды, соттордун бийликтен көз каранды экендигин коомдук активист Уран Ботобековго жана Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовго карата чыгарылган соттун чечимдеринен көрүүгө болот. Эгерде бүгүнкүдөй жол менен бара берсек, биз кайрадан 2010-жылга чейинки диктатурага жана соттук баш аламандыкка толук келип калышыбыз мүмкүн,- деди Текебаев.

“Ата Мекен” партиясынын лидеринин пикирине караганда, Мырзакматовго карата чыгарылган сот өкүмү - аны шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, айрым партияларга артыкчылык берүү максатында саясий жактан алдын ала даярдалган чечим.

"Ош облусунда партиянын активисттерин аңдуу, аларды коркутуу иштери жүргүзүлүп жатыптыр. Биз азыр 2010-жылдагы бийликке каршы күрөшүп, балдарыбыз канын төккөн мезгилдерге кайтып бара жатабыз. Кыргыздар айткандай, кыргыз өлкөсүндө ”түшпөс хандар” болгон эмес, бир жылдан кийин президент алмашат. Ошондуктан чиновниктерге "аша чаппагыла" деп эскертет элем”,- деди Өмүрбек Текебаев.  


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(30)
27.07.2015. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир чети туура айтыптыр!
27.07.2015. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Омукем шайлоого жакын "кыйышпас досу" Атамбаевди ачык эле сындоого отконбу деп койдум...Кимисине ишенээринди да билбейсин,бироосу Ысык Колго барып алып тигинтип эч кимди аябайм,куноолуулор жазаланат,менин партияма таптазалар келет десе,мунусу Ошко келип алып башкармалар тигинтип кетти мынтип кетти дер.....
27.07.2015. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Экоо ачык эле бир-бирине оппозиция экен.
27.07.2015. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу элим эми озунор салыштырып коргуло ким копуро болом деп Бакиевге сатылды эле, ана эле кызматтан кетип кимди жамандап чыкты эле, каркыраны кайтарам деп ким убада берди эле ана эле анысын танып кетти эле
27.07.2015. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Текебаев азамат! Мыкты жаштарды тарбиялап, кучтуу партияны туптоп, онуккон олко куруш учун бар кучун жумшап жатат
27.07.2015. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Текебаев менен Оштун эли гана эмес жалпы кыргыз эли сыймыктанабыз!
27.07.2015. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акыркы убакта ушул кишиге айтылган сын пикирди укпай,кайра колдой турган болуп калдым,акыркы кадамын ото бааладым Мелис менен бирге шайлоого бараарын укканда.Жаманбы жакшыбы башынын коп кыйынчылыкты откорду,мамлекетте 25 беш жылдык озгорбогон атрыхы бар,менин жаман оюум,и тилегим,ушул кишини президенттик орундан коргум келип турат....АЛГА!!!
27.07.2015. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаев мырзанын абройу олкодо кенен экени мына ушул жерден байкаса болот. Чындыгында Текебаев айткандай саясий чечим саясий куугунтук болуп жатканы анык,мисалы Мырзакматовго ж.бу.с. Ажо менен Текебаевдин ортосунда тирешуу бар экени суйлогон создорунон байкоого болот.
27.07.2015. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Негизи Текебаев туура айтыптыр. ХХХ ХХХ Торт адам катышкан сот кантип болсун? Куболордон сурабайбы?
Модератор admin_media түзөттү 2015-07-27 15:34:09
27.07.2015. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
semakg,
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынат!
Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк БАНга!
27.07.2015. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Текебаев бугунку коомдун кемчиликтерин так жана даана ачып бериптир. Бийликтегилер жакын арада Текебаев жана "Ата Мекендин" кадамдарын туура баалайт, бирок анда бир аз кеирээк болуп калат. Башка партиларга караганда Текебаев жана ал башкарган партия акактай таза корунуп калаарын азыркы бийлик анан даана корот, куто туралы. Анткени Текебаевга орду жок асылгандар жарыган эмес эзели.
27.07.2015. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мелис Жана Бакиев тууралу туура айтыптыр. Эх Бакиев агабыз бийликте эле тура турганда жакшы болмок. Светти 2 сом кылганы учун куугундукка учурады эле азыр свет Бекер болтат да а кыргыз элим .
27.07.2015. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чыныгы эркек да Омуке,суйлогонун баалайм чоюлбай,этпей даана даана так суйлойт.Бу президент болсо коп нерсе кутсо болот.Бар бол Омуке!
27.07.2015. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Көп сөздүүлүктөн тажап баратам, "аны кылдык, муну кылдык" деп эле баары мактанышат...
"Ата Мекенди", анын лидерин сыйлачу элем, принципиалдуу деп, акыркы кездердеги аракеттери боюнча эки анжы ойдо калып баратам, булар тууралуу пикирим өзгөрүп кетпесе болду...
27.07.2015. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ajar.,Текебаев 20-25 жыл алдыны коргон саясатчы. Жасаган кадамдардын жакшылап баалап корсонуз, анын тууралыгына ынанасыз. Азыр анын айланасына тшнгндр гана топтоло баштады. Улутту, Кыргызстанды, Кыргыз элин, бизде жашаган улуттардын биримдигин ойлогон адамдар бириге баштады. Кыргызстанга тынчиык керек, тынчтык болсо онугуу болот, ошондуктан иренжибей эле кой, аган сени уят кылбайт.
27.07.2015. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийликтин созун. Тепутаттардын созу ит ургондой эле молуп калды
Altysh_Boldush түзөттү 28.07.2015 00:42
27.07.2015. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шайлоого жакын кулагыбызга лапша илгендер!Президент болгондон кийин ошол эле корунуш!!!
27.07.2015. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен эч кимге ишенбейм мин артист болсонорда!
27.07.2015. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кайран ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-07-28 10:25:52
28.07.2015. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saat1200, - эскертүү!
Кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынат!
27.07.2015. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушул партиялар менен кыргызстан онолушуна козум жетпейт. Суйлогонду эле койсо, бир даана иш корсотсо кана.
27.07.2015. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызстан СССРден болунгондон бери эч нерсе озгорбоду.Силер кайра Мамлекетти банкрот кылып бутунор.Озубуздон алтын чыкса кайра биз кандайынча карыз болобуз ошончо алтын кайда кетип атат!!!!!!!??????
28.07.2015. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мактанганды баштаптырсынар,бири-биринен отуп биз муну жасадык, тигини жасадык деп. Суйлогондон,эфирде бетме -бет отуруп айтышкандан башка эмне жумуш жасап журосунор озу...? Кыргызсанга 40депутат жетишет болчу.
28.07.2015. 05:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Текебаевди колдойм бийликтенда бандиттенда коркпогон жалгыз депутат
28.07.2015. 07:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Uwuga cheyin emne iw jasaptyr?
28.07.2015. 07:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga dese partiya 100 jyldyk taryhga ee bolvoibu
28.07.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ата Мекен алгабиз сага ишенебиз. Кыргызстандын келечеги Ата Мекендин колунда. Буюрса оңолобуз, өнүгөбүз, өсөбүз!
28.07.2015. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шайлоого президенттин тарапташы эмес каршылашы катары барайын дегенго.Каршылашы катары оппозиция позициясында барса анда ал утат.Бул шайлоонун алдындагы стратегиялык кадамдардын бириго менимче.Сындаш оной жана жана элге жеткиликтуу.
28.07.2015. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сот тармагы менен МВД бизде эми болбой эле калды чектен чыгып. Аларга ишенип адилет чечим чыгарат дегенин бул озу туура эмес. Биз алга карай осуп онугуу жолунда баратабыз дегени куру соз мам башчынын. Текебаев айткандай мурдагы эле жашоо сатып алыуу сатылып кетуу деген конумуш адат.
28.07.2015. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде Текебаев эмне учун Мырзакматов иштен алынып жатканда колдогон жок, билет копчулук туштук эли Мырзакматовду колдошун ошон учун бирикти. Туштук окуясы болгондо ата мекен кайда эле дегим келет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: