super.kg logo

Ысык-Көлдөгү "Каприз" пансионатынын "капризный" кызматкерлери малайзиялык журналисттерди таң калтырышты

 
Бишкекке 24-июлда Малайзиядан делегация келип, SUPER.KG`нин журналисттери конокторду мейманканага чейин коштоп барышкан. Мындагы айрым кемчиликтер байкалып, "Park Hotel" мейманканасындагы сервистин начардыгын сындаган элек. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султановдун пикирин сураганыбызда элчи борбор шаардагы алдынкы деп эсептелген отелден мындай мамилени күтпөгөнүн айткан. Коноктор Ысык-Көлгө жөнөп кетишкенин, ал жактагы мейманкананын сервиси жакшы болсо экен деп тынчсызданып жатканын кошумчалаган эле. Тилекке каршы, Ысык-Көлдө деле конокторду ойдогудай күтүп алышкан жок. Бишкектегидей эле кемчилик Ысык-Көлдөгү эң кымбат, "элитный" делген "Каприз" пансионатынан да көрүндү.
Жол жүрүп келген коноктордун оор жүктөрүн бөлмөлөргө жеткирүү милдети бир эле кызматкерге жүктөлүптүр. Анын да атайын жүк ташуучу арабасы жок, оор чемодандарды кол менен ташыганы коноктордун таңдануусун жаратканын айта кетели. Жүктөрү го мейли, эптеп жеткирип беришти. Номерлерге деп берилген ачкычтар туура келбей, коноктор бөлмөсүнө кире алышпай бушайман болушту. Пансионаттын кызматкерлерине кайрылышса, жардамга жүгүрүп келе калган бирөөсү да болбоду. Улам-улам кайрылып жатып, акырында келип ачкычтарды алмаштырып беришти. 
Дагы бир ыңгайсыз жагдай - пансионаттагы күзөтчүлөрдүн мамилеси. Кыргыз же орус тилин билбеген малайзиялык конокторду коштоп жүргөн адамдарды пансионаттын аймагына киргизбей коюшуп, администраторлорго кайрылганда алар пансионаттын аймагына кириши үчүн бир адамдан бир күнгө 500 сомдон талап кылышты. Жөн жерден акча өндүрүү аракети пансионатта көп байкалды. Айтор, Бишкектегидей эле Ысык-Көлдө да мейманкана кызматкерлери конокторго меймандостук сапатты, жогорку деңгээлдеги тейлөөнү көрсөтө алышкан жок. 
Кыргыз элин башкалардан айырмалап турчу өзгөчөлүгү - меймандостугу. Туризмди өнүктүрүүнү көздөгөн мамлекет үчүн өлкөгө кирген ар бир туристтин мыкты тейлөө көрүп, үйүнө жакшы маанайда кетүүсү маанилүү. Бул үчүн бардык жерде сервис мыкты деңгээлде болушу шарт, туристтердин эсебинен ири киреше таап жаткан мекеменин кызматкерлери жүгүрүп кызмат көрсөтүүгө тийиш эле. Бирок майда көрүнгөн олуттуу кемчиликтердин жоюлбай жатышы өкүндүрөт.   

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(56)
27.07.2015. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Биз кыргыздар озу кичине акчабыз кобойсо эле бой которуп суйлоп калабыз.Меним айтканым Кызыл-Кыя шаарына жакын жерде Золотой Мост деп аталучу дем алуучу чайкана бар аны жергиликтуу тажик эли обслуживание кылышат барсанар кош келиниздер деп чуркап келип сиздерге эмне керек кемчиликтериниз барбы деп чуркап журушот баары таза келген мыймандар суктанышат.Ал эми Апшыр-Ата деген жерде кыргыздар обслуживать этишет обслуживание ноль баары палит бул ачуу чындык
27.07.2015. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ошко келиш керек эле нааразы кылбайт эле
27.07.2015. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
warsaw., Койчу ай койчу.
27.07.2015. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
просто алып барган журналисттер озунор билбейсинер жаман жерге барып алышып эле анан озубузду озубуз жамандап калат экенсинер антип жамандап не кереги бар анча болду озунор бир уйду алып эле каалагынардай сыйлап туалетке чейин жетелеп баргыла да
27.07.2015. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туризим министири деген айлык эле алышты билеби,мынакей 10го жетпеген туристтерди сыйлай алышпаса уят эле. Казахстан мамлекети олимпиада откоргону кучубуз жетет деп жатат,а биздеги ахвал болсо бул. Мейманкалардын админстратор,менеджерлерин баарын алмаштырып россия,турциядагы отелдерге уборщица кылып айдаш керекта,ошондо билишет мейман тосконду
30.07.2015. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nura.177, туптуура
27.07.2015. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тайландка барсан аэропорттон башталат сылыктык,Жакшы мамиле. Бардык жерде смайл деп банерлер илинип турат барсан Баары жылмайып тосуп алышат,жаш балдарга сразу суусундуктар,жемиштер Бекер беришет. Ещё дагы жаш балдар менен эч жерде очередте турбайсын.общим сервис высшей класс. Алардын девизи силер канча коп келсенер ошончо акча деп дайыма жылмайып тосуп алышат.
30.07.2015. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
alickjan,ааай аны бир айтасыңбы,эки айтасыңбы, биздин эл эмне болуп,кайда баратабыз?Кыргыздарга эле ушундай мамиле кылат экен деп ойлогом,көрсө чет өлкөдөн келгендер да биздин абалыбызда болот экен да.Азыр жумуш таппаган кандай билимдүү жаштар бар,конкурс жарыялап,эң жакшыларын тандаса болмок ошондой жерлерге иштегенге.Менимче таеке-жээн,куда-кудачаларын ала беришет ишке, алар болсо Кудайдын оозунан түшө калышкансып манчыркайт, өзүлөрүнүн билимсиз,маданиятсыз экенин билбей,бир чети күлкүң келет
27.07.2015. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушу отел, кофе, ресторандардын охранниктери оздурун чуть эле кудай сезип алышкан. Керсейип, корозго окшогон тошун которуп кыйын сынышат. Адам керчилик деген болуш керек. Сени уйуно конок келгенде ошентип керсей. Окубагандардын баары ушул кадамга барышат. Сабаты жок, 0. Ушуну айтам капризге.
Arti түзөттү 2015-07-27 22:36:46
27.07.2015. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Былтыр биз Ак-марал понсионатына барсакда ошентишкен эле,быйыл Капризге баралы десе...
27.07.2015. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондуктан таза жонокой , уютный пансионат, мейманкаларга бериш керек эле да, алар акчага тоюп калган нерселер болсо керек да, уят уят эле кылышыптыр жалпы Кыргыз элин
27.07.2015. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акча акча бопкалыптыр кызгыздын башында тооба кыласын адамгерчилик деген жок бизде
28.07.2015. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул жакта эмне эле ызы-чуу болуп жатат, Малайзиянын президенти же "улуу урматтуулары" келип, уят болуп жаткан экенбиз десе, биз сыяктуу эле карапайым жарандар экен го, эми булардын жарасы жеңил го ))) Чымындан төө жасап жиберген жоксуңарбы дейм да, анткени булар келгенден бери эле канааттанбагандыкты билдирип жатасыңар (кабарчылар)...
28.07.2015. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ajar., булар карапайым жарандар эмес, журналисттер,ушулар эртен оздорунун мамлекетине барганда бул жерде коргон билгендерин жазып,видеого тартып репортаж даярдап корсотушот. Онуккон мамлекеттер учун бул корунуштор аябай эле уят,эмне дешти деле билбейм
28.07.2015. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nura.177, малайзиялыктар жаңы эле астананы аттап Бишкекке түшкөндө биздикилер "чү" дегенде эле кемчиликтерди баса белгилөө менен баянды башташты. Ушул нерсе бушайман кылды. Ооба, кемчиликти айтыш керек, көргөзүш керек, ансыз өсүү болбойт дегилечи, бирок аны көрсөтүүнүн башкача жолу деле бар болсо керек.Бишкек менен токтойт го десем,Көлдөгү кемчиликтерди көрсөтө башташты.
28.07.2015. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nura.177, а элчиликтин башкы максаты башка болчу, кемчиликти көрсөтүү эмес, Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү,өлкөнү дүйнөгө таанытуу,инвесторлорду тартуу деген грандиоздуу максат-пландары бар болчу,булар 2-планда калып,майда-чүйдө кемчиликтер 1-орунга чыгып кетти.Туризмди өнүктүрөбүз десек, буга байланышкан макалалар, менин көз карашымда, антиреклама болуп калган.
29.07.2015. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nura.177,бул жакка кирсем, окурмандар аябай эле кыжалат болушуп, кызуу талкуу болуп жаткан экен.Бардык эле жерде кемчилик болот да, ошол эле өнүккөн өлкөлөрдө деле. Анын үстүнө туризм бизде эми-эми жолго коюлуп келе жатса... Андыктан окурмандарды "сооротуу" үчүн айтылган болчу, ошол "карапайым" деген сөз,салыштырмалуу түрдө, карасаңыз жылмайган смайликтин белгиси турат ошол сиз окуган сүйлөмдө, демек, бул тамаша маанисин туюнтат.
29.07.2015. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nura.177, эгер ошол делегация журналисттерден эмес, расмий өкүлдөрдөн турса (жогорку кызматтагы, бийлик өкүлдөрү ж.б.), анда мындан да көбүрөөк уялмакпыз,бизде ушундай нерсе калыптанган. Ошого байланыштуу айтылган...
28.07.2015. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андыктан биздикилерди ашыкча эле "күнөөлөй" бербесеңер )))
Ошентсе да бизнес үчүн, жогоруда айтылгандай, туризм үчүн ошол нерселерди өздөштүрүп алса болсо керек, акырындан, бара-бара...

28.07.2015. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчасы кымбат болсо эле сервиси мыкты болот деп ким айтты Ошол кеткен акчага чын эле кыргыз элинин меймандостугун коргозом десе жакшы уйбулого айтса сонун эле тосуп алмак.
28.07.2015. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы ак сооктук сапат, ач коздук, кур намыс,бетке чабарлык устомдук кылат
28.07.2015. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде туризм онукпой эле артка кеткен сыяктуу сезилип жатат, уят.
28.07.2015. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туугандар эмнени айтасынар,биз кечоо Колго барып оозубуз ачылып келди. Жонокой турган колдун жээгине суротко тушуп алалы десек колдун жээги 50 сом деди...Кошмаррр..биз мейманканада жатпасак..жонеле колго тушкону келсек бул эмне кылганы...озубуз жашаган жерге озубуз кире албай калабызбы эми..акча десе атасын сатчудай абалга кептелиптир айтор...пасионаттын кузотчулорунун мамилеси аман эле болсун эми. Сервис жагынан туркторго баары бир эчким жетпейт болуш керек...
28.07.2015. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жайдын аймагына кирүү үчүн 500 сом талап кылууну мен ашыкча деп эсептейм. Адам деген напсисин тыя албай калган го! Эмне басып киргенден чыгымга учурап жатабы?! Тартипти күчөтөбүз десе ошол тартипти, тарбияны күзөт кызматынан баштаса болмок. Эшигин көрүп төрүнө өт дейт кыргызда. Эшигинде күзөт кызматкери "үрүп" турса туристер төргө өтүүдөн коркушат го. Эӊ жөнөкөй туристтерге сылык мамиле жасоону билбейбиз. Акыркы кезде бул бизге жат көрүнүш болуп калгандай.
28.07.2015. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдун жээгинин баары пансионаттар. Пансионатка кире албайсын. Киргенине ар бир кишиден бери дегенде 50 сом алышат. Местныйлар аран киришет "местныйбыз" деп коркутуп жатып.
Эми бул КАПРИЗ келсек, билбейм ал жактын кызматкерлери кандай, бирок бул кабарга таянсак, жон жерден уят кылышыптыр. Туризмди онуктуробуз десек, жакшы тейлешибиз керек.
28.07.2015. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Элитный" делген "Каприз" дейт, атына заты жарашкан болуш керек. Бул статусту алып жүргөндөй эле. А бизде "сырты жалтырак, ичи калтырак" деген ушу. жайдын сүрөтү тимеле керемет. Ичинде тейлөөнүн мынчалык экени өкүндүрөт. Канчалаган туристтерди чакыруу аракети болуп жатат, эгер башка жерде деле ушундай тейлөө болсо, экинчи кайтып келүүсүнө күмөнүм чоӊ! Андыктан проблема оркойуп көрүнүп турат, аны жөнгө салышыбыз керек оӊдошубуз керек.
28.07.2015. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЭЭээ туугандар только окутуш керек тейлоочулорду
28.07.2015. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул коноктор Кыргызстанды Кыргыздарга жамандатуу учун келген окшойт. Ушулар келгенден бери жакшы нерсе окубай калдым. "Жаманды жашырып, жакшыны ашырып" деген нерсе жокпу? Жаман болсо да Мекен, жаман болсо да Кыргыз. Кыргыз деген жерде мен учун баары жакшы.
28.07.2015. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен да колго бардым жакын арада.Жеке мейманканада токтогом.Кол жээгине отуу учун пансионат кузотчулоруно 50 сомдон берип жаттым.Уч адамга 150 сом.Кунуно эки жолу жээке отсон 300 сом болот.Аябай эле конул иреенжип калат экен.Атайын журналисттер келсе жакшы жагыбызды коргозсок,алар жазган материалдарды окуп канчалаган туристтер келмек.Министр же президент келсе,алар келет кетет.А журналисттер олкобуз тууралуу жакшы жазса туристтер кобойот,жаман жагыбызды жазса туристтер жоголот деген созда.
28.07.2015. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Келген журналисттер Малайзиядагы эң алдыңкы ММКлардын өкүлдөрү. Менимче барганда Кыргызстан тууралуу сөзсүз жазышса керек. Бизге каприздерин көрсөтүштү дешсе Кыргызстанга ким келмек эле?! Дагы уялбай туризм тармагын өнүктүрүш керек деп коебуз. Мындай сервис болсо эч ким келбейт, өзүбүз барып сийип-чычып эс ала беребиз
28.07.2015. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кымбат баалуу деп тапкандары ушул болсо... Андан коро оздору жашаган уйлорду эле мини гостиница кылгандар барго ошолорго эле алып кирбептир,10эсе жакшы тейлешет болчу.
28.07.2015. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Негизи туризм министри барбы же жокбу?мен да откондо колдо эс алып жатсам,охран байке сиз тамак аш сууларды кайдан алып жатасыз дейт,анан мен уйдон жолдон Бишкектен ала келгем десем.Штраф толойсуз 200сом озубуздон алып ичиниз десе болобу.Озум колдо эс алып жатсам да оозум Ошту карап калды ошондо.
28.07.2015. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул дагы болсо ошол жердеги иштеген, иштеткен адамдардын маданиятсыздыгы. Алар конокторго кандай сервис корсотулушу керектигин билишпейт, себеби оздору коро элек андай сервисти. Мен айтаар элем Кыргызстаныбыз онуго элек! Башка олкого барсан чемоданыны эле эмес сени кошо которуп киргенге даяр турушат.
28.07.2015. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой уйлорго коноктосонор укмуш сыйлашмак, чуть ли не которуп апарышмак туристтерди ))) негизи колдоуктордун максаты сезондо акча кылуу болду, ал эми Капризди укмуш деп айтышчы эле го биздикилер, анда бизге жарай берсе керек.
28.07.2015. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииий, уят эле болдукко.Алдын ала бир адамды жиберишсе болмок. Номерлерди алып даярдап турганга.
28.07.2015. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык жагы жакшы , тока ошол иштеген кызматкерлер кыйын болуп алышкан . Биз тааныштар иштеген учун барчук, эми тааныштар не, маани деле бербейбиз, бирок ачык айтканда кызматкерлер ото начар. Устроили из себя не знаю... Ачык айтканда эптеп эле акча ондуруш керек да .
28.07.2015. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жагыбыз менен тан калтырсак жакшы болмок туугандар,уйубузго конок келсе деле жакшылап меймандайбыз го,келген меймандын колундагы себетин ала коюп...Пейилибизди ондойлучу туугандар...
30.07.2015. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каприз десе эле комнатанын баары эле элитный боло бербейтта ичинде арзаны кымбаты деген бар а булар болсо арзанын алганда анан жамандап атшат
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: