super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Алдамчылыкка шектелген Мелис Мырзакматовдун агасынын сотунун 30-июлга жылдырылышына жабырлануучулар нааразы

 
Жабырлануучулар
Ош шаардык соту
Кылмышка шектүүлөрдүн жактоочулары
"Алдамчылыкка шектелген Кеңеш Мырзакматов жана башка шектүүлөрдүн соту кечээ, 27-июлда саат 14:00дө болмок. 40ка жакын жабырлануучу Ош шаардык сотунун алдына чогулган. Жарым саатка кечигип башталган соттук отурумда судья бир жабырлануучу аялды сыртка чыгарып салды. Эл сотко нааразы болду, себеби сот элдин үнүн укпай, адвокаттар менен сүйлөшүп, соттук отурумду 30-июлга саат 15:00гө жылдырды. Акчаны К.Мырзакматов жалаң карапайым, колунда жок адамдардан алган экен. Бир да жабырлануучу адвокат жалдабаптыр. Ал эми бизди алдап камакка алынгандар экиден жактоочу жалдашыптыр. Ошончо адамды күттүрүп, прокурор келген жок". 
Бул тууралуу окурман Whatsapp аркылуу SUPER.KG порталына бүгүн, 28-июлда билдирди.

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун 50 жаштагы агасы Кеңеш Мырзакматов алдамчылыкка шектелип май айынын башында 2 айга камакка алынган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы анын үстүнөн ондогон адамдардын даттанып, сотко арыз менен кайрылышканын билдирген. Арыз ээлери Мырзакматов “үй алып берем” деп 100 миңден ашык доллар жана 1 миллион сомдон ашык акча алганын айтышкан. Бул ишке тиешеси бар делген Мырзакматов менен кошо дагы 4 адам болгон. Алардын үчөө кармалып, көрсөтмө учурунда акчаны Кеңеш Мырзакматов алганын айтышкан.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.07.2015. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кезектеги полтикалык куугунтукбу же бул чын нерсеби ?
28.07.2015. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай курулай куугунтук болуп келген ар бир бийлик убагында.Бирок бул бийлик кеткенден кийин баары ачык айкын болот.Анан келме кезек терме тезек болуп,азыркы бийликтегилерди кууп камап калабыз.Качандыр бир кез убакыт келет.
28.07.2015. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ууру тойгуча жеп, олгучо карганат...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: