Москвада кыргыз жараны туугандары менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатканда чагылган түшүп, ал көз жумду

Москвада 27-июль күнү кыргыз жараны туугандары менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатканда чагылган түшүп, ал көз жумду. Жамгыр жаап, чагылган түшкөн учурда дарактын астында туруп мобилдик телефон колдонгондуктан, ал дарыгерлер келгенче жан берген. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Фото: Интернеттен алынды
Маалыматка караганда, маркул Дилшод Айдаров эки жумушчу менен дарыяга түшүүчү жолго кармагычтарды орнотуп жатышкан. Күн күркүрөп баштаганда жумушчулар дарактардын түбүндө турушкан. Бул арада ал кыргыз жеринде жашаган туугандарына телефон чалып сүйлөшүүнү чечкен. Чагылган түшкөндө анын бүт кийими күйүп, денеси карарып кеткен. Башка дарактын астында турган жумушчулар жеңил жаракат алышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

жок ажалы жеткен экен эле жолдо кетип баратып да өлмөк экен эле.
Ажалы жетпесе 40 жыл кыргын болсо да кумурска өлбөйт деп коёт эмесби.
(кыргыздар)