"Ислам мамлекети" террордук тобунун атынан кыргыз элине видеокайрылуу жасаган жарандын өздүгү аныкталды



"Ислам мамлекети" террордук тобунун атынан кыргыз элине видеокайрылуу жасаган жарандын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 28-июлда УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов билдирди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Маалым болгондой, видеокайрылуу жасаган жаран Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун тургуну болуп чыкты. "Бир жылга жакын убакыт мурун Орусияга иштөө үчүн жөнөп кеткен экен. Өзү гана эмес, өмүрлүк жарын жана балдарын кошо ала кеткени аныкталды. Туугандарынын айтымында, ошол учурдан бери кыргыз жериндеги бир туугандары менен байланышкан эмес",- деди Сулайманов.
Айта кетсек, 25-июлда "Ислам мамлекети" террордук тобу "Кыргызстандын элине кайрылуу" деп аталган видеотүрмөк жарыялаган. Видео интернетке (YouTube) 25-июлда кечинде чыгып, жарыялангандан 6 саат өткөндөн кийин YouTube видеохостингинин администрациясы аны өчүрдү. 9 мүнөткө созулган тасмада кыргыз тилинде сүйлөгөн белгисиз жарандын кайрылуусу орун алган. Анда "Ислам мамлекети" тобуна кошулууга чакырык ташталганы айтылды. Кайрылууда Кыргыз Республикасы "каапырлар өлкөсү" деп аталып, жарандар адамдар тарабынан ойлоп табылган мыйзам, эрежелер менен жашап жатканы белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
Рейтинг:
0

Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат! 3 күн БАНга!
Этика нормаларын сактаңыз!
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат! 3 күн БАНга!