super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев менен Асылбек Жээнбеков алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу сүйлөшүштү

 
Бүгүн, 28-июлда президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушту. Жолугушууда мамлекет башчыга бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди.

Тараптар Кыргыз Республикасында парламенттик демократиянын өнүгүшү, Жогорку Кеңешке шайлоолорду таза жана ачык өткөрүүгө багытталган өлкөнүн шайлоо системиндеги жаңылыктар жөнүндө пикир алмашышты.

Президент жаңы саясий системдин – парламенттик демократиянын артыкчылыктарын көрсөткөн бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин тарыхый өзгөчө милдетин белгиледи. "Бул систем мамлекет менен коомдун ортосундагы мамилени ширелиштирет, ал эми өкмөт менен парламент толук кандуу бийлик бутактары болуп калышат. Бул бийлик менен оппозициянын ортосунда конструктивдүү мамиленин болушуна көмөктөшүп, үзгүлтүксүз диалогду калыптандырат",- деди Алмазбек Атамбаев.

Өлкө башчысы алдыдагы парламенттик шайлоону адилеттүү жана ачык өткөрүү менен болочоктогу Жогорку Кеңештин курамынын сапатын жакшыртуу өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: