super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев Япония парламентинин Өкүлдөр палатасынын төрагасы Бунмэй Ибуки менен жолугушту

 

Бүгүн, 27-февралда президент Алмазбек Атамбаев Япония парламентинин Өкүлдөр палатасынын төрагасы Бунмэй Ибуки менен жолугушту. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, жолугушууга ЖКнын депутаттары Каныбек Иманалиев, Карганбек Самаков, Ыргал Кадыралиева, Нурбек Мурашев жана Азиз Суракматов катышты. Жолугушууда Кыргызстанда жана Японияда парламенттик демократияны өнүктүрүү тажрыйбасы тууралуу сөз болду. “Парламенттик демократияны өнүктүрүүдө Япониянын зор тажрыйбасын эске алсак, парламенттер аралык кызматташууну активдештирүү эки тараптуу мамилелерге жакшы түрткү берет”,- деди  Алмазбек Атамбаев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: