Чүйдө 11 жашар кыз зордукталып, андан кийин 5 жашар сиңдисине асылган зөөкүргө "мени эле кыйнаңыз, ага тийбеңиз" деп ыйлаган
Чүй облусунун Панфилов районунда 34 жаштагы жаран 11 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Чүй облусундагы Панфилов районунун тургуну SUPER.KG порталына билдирди.
“Зордукчу 11 жана 5 жаштагы эже-сиңдини алдап эл көрбөгөн жерге алып барып, улуусун зордуктаган. Андан соң сиңдисин да зордуктоого аракет кылыптыр. Бирок эжеси тоскоол болуп, “мени эле кыйнаңыз, ага тийбеңиз” деп ыйлаптыр. Бул окуядан кийин кыздын туугандары кылмышка шектүүнүн үйүн таш бараңга алып, өрттөйбүз деп жатышат”,- дейт аталган райондун тургуну.
Бул боюнча Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы: “Окуя 24-июль күнү 21:00 чамасында болгон. Анда 1981-жылы туулган жаран 2004-жылы туулган кызды зордуктап, качып кеткен. Учурда кылмышка шектүү кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды”,- деп билдирди.


Эскертүү! Провокацияга жол жок!
Саламатсызбы!
Ал баскычты бир эле жолу басууга мүмкүнчүлүгүңүз бар.
Темадан алыстабаңыз! Суроолор болсо купуя кат менен кайрылсаңыз болот.
Ичип куйуп ыйлайым.
Бул зоокурдун аспабы.
Тушуп калсын ылайым.
Кичинекей бул кызды.
Кантип чыдап зордоду?
Атын очкур куу тумшук.
Келечегин кордоду.
Угуп алып жаш токтум.
Жаным сыздап аябай.
ХХХ ХХХ
Эскертүү баарыңарга!
Провокация жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Атууга окум чыгарыш керек.
Ошондо гана ушундайлар онолот
же жоголот.