Токмокто кыргыздар менен дунгандардын ортосунда уруш чыгып, бир милиция кызматкери жабыркады
Токмокто кыргыздар менен дунгандардын ортосунда уруш чыгып, бир милиция кызматкери жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 27-июль күнү саат 17:10 чамасында Токмок шаардык милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда Токмоктогу “Булак” базарында кыргыз улутундагы адамдар менен дунган улутундагы адамдар мушташып жатканы айтылган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышканда 5-6 адамдын ортосунда мушташ болуп жатканына күбө болушкан. Аларды ажыратуу үчүн ортого түшкөн милиция кызматкерлеринин бири башынан жаракат алган. Учурда Токмок шаарында коомдук абал тынч. Ошондой эле уруштун эмне себептен келип чыкканы такталып жатат.


Баарыңарга эскертүү! Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынат!
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! 10 күндөн БАНга!
Провокация жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга жол берилбейт! Кайталап эреже бузганыңар үчүн түбөлүк БАНга!
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга, ушундай иш-аракеттерди жасоого тыюу салган талап бар. Провокацияга жол берилбейт!
20 күндөн БАНга!