Сот айыпталуучу Омарды 1 айга камакка алуу чечимин чыгарды, ырчынын абалы начарлап ооруканага түштү

Алдамчылык боюнча айыпталган ырчы Омар (Өмүрбек Жанышев) бир айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Ички иштер министрлигинен SUPER.KG порталына билдиришти.
"Тиешелүү чечимди Талас райондук соту кечээ, 28-июлда чыгарган. Бирок чечим чыккан соң Омардын ден соолугу начарлап, аймактык ооруканалардын бирине "Тез жардам" кызматы аркылуу жеткирилген",- дешти Ички иштер министрлигинен.
Эскерте кетсек, 27-июлда ырчы Омар кармалып, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул боюнча анын менеджери Миргүл Эсеналиева: "Омар алдамчылыкка барчу адам эмес, анын кармалышы "подстава” болуп калды. Ал беш маал намаз окуйт, андай ишке эч качан барбайт. Эгер Омар качып жүрсө, анда ал Таласка келмек эмес. Азыр жактоочуну күтүп жатабыз. Окуянын чоо-жайы такталып жатат",- деп билдирген.
Ал эми ИИМ: “Милицияга Талас районунун тургуну 6-апрель айында кайрылып, "Бакай-Ата районунун тургуну Нуржанбек Токтогулов жана Өмүрбек Жанышев 40 тонна төө буурчак алып, акчаны бербей жатат" деп билдирген. 16-апрель күнү алдамчылык боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөөдө аталган жарандардын ишкерден көп көлөмдө төө буурчак алышканы аныкталган. Мындан улам 21-июль күнү Нуржанбек Токтогулов кармалып, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми 27-июль күнү Өмүрбек Жанышев Талас райондук ички иштер бөлүмүнө чакыртылып, жактоочунун катышуусунда суракка алынган. Андан соң протокол түзүлүп, Жанышев камакка алынган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө”,- деген билдирүү таратты. Кечээ, 28-июлда ырчыны колдогон чыгармачыл адамдар Талас райондук сотуна кат жолдошкон. Алардын арасында КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова, ырчы Нурлан Насип, алып баруучулар Нурзат Токтосунова, Эркин Рыскулбеков жана башка 50гө жакын чыгармачыл адам бар. Катта “Омардын эч жакка качпашына биз кепил болуп беребиз, аны эркиндикке чыгарууну суранабыз” деп жазылганы айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
2

"Омурбек Жанышев попал в реанимацию из-за проблем с сердцем после того, как Таласский районный суд принял решение о заключении его под стражу до конца августа". Ошондой эле Арсен сообщил, что во время заседания суда у Жанышева «два раза был обморок» и случился «сердечный приступ». По его словам, еще до задержания Омар носил при себе аппарат для поддержки работы сердца". дейт Арсен
ushunchalyk da kara murtoz bolobu, adamdar! Koro albastyktynda chegi bolso kerek!!! Kim kylsada ozuno kaitat, eki ese bolup!
Ойлодум тундон тан ата,
Омар байкем каякта.
Оо Кыргыз эмне болдук биз,
Омарды тыгып камакка.
Кулаалы канатын жайдыбы,
Кумарын кыргыз кандыбы.
Кырып бутуп эрлерин
Омарга жетип калдыбы?
Буркутун канатын жайдыбы,
Бук тушуп жерге кондубу,
Бирден кырып эрлерин,
Болдубу чондор тойдубу?
Жолборстор кетти атылып,
Жерлерин кети сатылып.
Желбиреткен желегин,
Жанышовко да асылдык.
Орт болуп кетти жан дуйнойм,
Омар кишен кийгенде,
Ойлонуп тук жете албай,
Омар камакка киргенге.
Тук тушунбой чондору,
Таза жигит кор болду.
Тарапташпай тартышпай,
Таланттууларды коргойлу..!!!