super.kg logo

Баткен. Сох-Кан-Зардалы жолунда жарылган жерден унаалар дагы деле кыйынчылык менен өтүүдө

 

Баткен районунун Дара айыл аймагындагы Жаңырык айылында 2015-жылдын 23-июлунда Транспорт жана коммуникация министрлигинин балансындагы Сох-Кан-Зардалы унаа жолунун 32-33-чакырымында жолдун үстүнкү тарабында жолдон бийиктиги 100 метр, туурасы 300-400 метр, узундугу 500-600 метр болгон түздүктүн 9-10 жеринен жер жарылган. Жарылган жараканын ортосундагы кээ бир жерлер 40-50 сантиметрге чөккөн,  көлөмү болжол менен 2 миллион кубду түзөт. Ошондой эле унаа жолдун жарымынан узундугу 20 метр жарака пайда болгон. Бул тууралуу 29-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2015-жылдын 23-июлунда Баткен райондук жарандык коргонуу комиссиясы жеринде көрүп, акт жазып, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө кайрылган. Анын негизинде Баткен облусундагы өкүлчүлүк Транспорт жана коммуникация министрлигине маселени иликтеп, тийиштүү чара көрүү жагын суранып кат жөнөткөн. 2015-жылдын 28-июлуна карата алынган маалыматтарга таянсак, автоунаалар дагы деле өтө кыйынчылык менен өтүүдө.

"Жогорудагы аймакта эгерде узак мөөнөткө жамгыр жааса же жер титирөө катталса, жер көчкү жүрүп, унаа жолду басып, Көк-Суу дарыясын тосуп калуу коркунучу бар. Ошондуктан Дара айыл аймагынын жашоочуларынын коопсуздугун эске алып, тез арада коркунучтун алдын алуу зарыл",- деп билдирет ӨКМнын басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.07.2015. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаа,Жанырык (Таш калан)-го бул кызымды ошол жакка орукко жардамга жибердим эле,эсен аман эле келип калчы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: