super.kg logo

Муфтий Токтомушев ар түрдүү согушчул агымдардын интернет аркылуу жарыялаган чакырыктарына азгырылбоого үндөгөн кайрылуу жасады

 

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кыргыз Республикасынын элине кайрылуу жасады. Бул тууралуу 28-июлда муфтияттан билдиришти.

Муфтий кайрылуусунда өлкө жарандарына диний баалуулуктарды, улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен бирге элибиздин бүтүндүгүнө, мекендин тынчтыгына, мамлекетибиздин туруктуулуугуна, өнүгүп-өсүүсүнө биргеликте салым кошууга чакырды. Ошондой эле өлкөнүн тынчтыгы үчүн ынтымакта, улут-урууга бөлүнбөй, провокациялык иш-чараларга азгырылбай, сабырдуулук, такыбалык, күнөөдөн сактануу менен жашоого чакырат.

"Ар кандай жаман чакырыктарга азгырылбай, өзүбүздү оңдойлу. Жалпы адамзат үчүн, жан-жаныбарлар үчүн эң зарыл болгон нерсе - тынчтык. Тынчтык болсо, баары жакшы болот. Согуш болсо, баары жаман болот. Ал эми тынчтыктын кадырын согуш болуп жаткан жердеги эл билет дегендей, учурдагы ар түрдүү провокациялар - тынч элди дүрбөлөңгө салчу, кан төгүүнү алып келүүчү иштер. Акылман, даанышман элибиздин, улуу мусулман улутубуздун жана куттуу жерибиздин ыркы кетип, баш аламан болушуна жол бербешибиз керек.

Ислам - бул террор эмес, ал эми террордук жардыруу исламдын пейилинен эмес. Жалпыңыздарга кайрыларым, кайсы жерде болбосун, биримдикке салым кошуңуздар, ажырымга,
бөлүнүп-жарылууга жол бербеңиздер.
Ар түрдүү согушчул агымдардын интернет аркылуу чакырган чакырыгына жооп берип, эки момунду чабыштырган дин душмандарынын курмандыгына айланбаңыздар. Элибиздин тынчтыгы абдан маанилүү. Баарыбыз бирге тынчтыкка кол суналы",- деп айтылат кайрылуусунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
29.07.2015. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Колдойм
29.07.2015. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Абдан жакшы кайрылуу кылган муфтийибиз,аллах таалам раазы болсун сизге.Мен да колдойум,жерибизде Кыргызстаныбызда тынччылык бейпилдик аманчылык гана болсун деп алладан суранам.Эч ким эч жакка болунбой,жаман создорго алданып азгырылбай биримдикте бололу Кыргыз элим.
29.07.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул Муфтийдин айткандарын баарын колдоп жана айткандарын жасашыбыз керек.
29.07.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура, ушундай кайрылууларды кобуроок жасап турсаныз кыргыз элим тынчтыкта, бейкутчулукта, биримдикте, ынтымактуу болуп бир женден кол, бир жакадан баш чыгарып жашашына козум жетет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: