super.kg logo

Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш районунун тургундары үй алдын жарыктандырган "Өнүгүү-Прогресске" ыраазычылык айтышууда

 

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын “Жарык шаар” долбоору ордолуу Ош шаарына да шамын жандыра баштады. Мурда шаардын борбордук көчөлөрү гана жарыктандырылып, көп кабаттуу үйлөрдүн алды Советтер Союзунун убагындагы сынык, күйбөй калган чырактар менен турчу. Ал чырактардын да көбү түп-тамыры менен жок болгон. Караңгы киргенде үйлөрдү аралап жүрүү коркунуч жаратып, айрымдар кеч киргенде үйлөрүнөн сыртка чыгышчу эмес. 

Долбоор Курманжан датка аймактык кеңешинин Түштүк-Чыгыш районунун Исанов жана Петров көчөлөрүнөн башталып, бүтүндөй шаарды кучагына алмакчы. Чырактардын коюлушуна сүйүнгөн шаар тургундары жарык менен кошо көңүлдөрүнүн жаркыраганын айтып, партияга ыраазычылыктарын билдиришти.

"Кечкисин караңгыда жүргөндө кыйналып калчубуз. Азыр долбоордун негизинде үйүбүздүн алдына жарык чырактары коюлуп, жаркырап калды. Көп жылдан бери мындай жарык болгон эмес. Кечинде сыртка сейилдөөгө да чыга алчу эмеспиз. Азыр кенен басып, ал гана эмес, сыртта таза аба жутуп, гезит окуса болчудай. Эми кечинде бир жакка барсак да кооптонбой келебиз. 

Жарык койгондордун баскан жолу жарык болсун! Биз үчүн чоң майрам болуп жатат. “Өнүгүү-Прогресс” партиясына ыраазычылык билдиребиз. Партия жетекчилери өмүрлүү болсун деп алкайм",- дейт шаар тургуну Флора Маматалиева. 

"Биздин 59-үй 48 батирден турат, жаш балдар абдан көп. Кары-картаңдарыбыз да бар. Жарыктын болушу - бала-чака менен жүрүүгө ыңгайлуу шарт жана кылмыштуулуктун азайышы. Азыр жай мезгилинде балдарыбыз менен кечки саат 9-10дорго чейин ойноп, сейилдегенге жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Аянтыбыз коноктор келсе да жарык. Алар да кошулуп сүйүнө турган короого айланды. Подъездибиз караңгы болуп, коридордун жарыгы менен сыртка чыкчу элек. Эми светибиз үнөмдөлөт экен. Айланаң жарык болуп турса, кылмыштуулук болбойт, мастар жолобойт. Үй алдындагы автоунаалардан да эмне болду деп кооптонбойбуз. “Өнүгүү-Прогресс” партиясына ыраазычылык билдиребиз",- дейт жергиликтүү тургун Минура Абдумаликова. 

Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын мүчөсү Эмил Ысманов: "Өнүгүү-Прогресс” партиясынын программасындагы иш-чаралардын бири болгон “Жарык шаар” долбоору Ош шаарында ишке ашып отурат. Азыр Курманжан датка районуна жарык берүүчү чырактарды орното баштадык. Бул Бакыт Төрөбаевдин демилгеси. Айлана жарык болсо, кылмыштуулук азаят, коопсуздукка тынчсыздануу болбойт. Кечкисин кенен жүрүүгө болот, уурулук, тоноп кетүүлөр чектелет. Айрыкча жаш балалуу ата-энелер эрте-кеч балдарын жетелешип сейилдешет. Кары-картаңдар таза аба жутуп сыртта отурушат. Короосу жарык болгон 7-70ке чейинки тургундар ыраазычылыгын билдирип жатышат. Коюп жаткан жарыктандыргыч абдан үнөмдүү, тариф 70 тыйындан эсептелгенде бир айга 4 сом 20 тыйындан гана төлөнөт. Бул үйдөгү кадимки лампочкага караганда 5-7 эсе үнөмдүү. Калаанын жарык болушу баарына жакшы. Жаңы баштадык, элдин баарына жеткиребиз деп турабыз",- дейт. 


кошулду





Флора Маматалиева:“Жарык койгондордун жолу жарык болсун!”

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(12)
29.07.2015. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшы концерт койбой ушундай жумуштарды аткарышса болмок. Бир адамдын ден соолугуна доо кетирип каматып
29.07.2015. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эл батасы менен эр когорот демекчи, Онугуу - Прогресс дайыма эл алкышына ээ болуп жатат. Ийгилик!!!
29.07.2015. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Негизи качан интернетти ачпа ОНУГУУ ПРОГРЕССИ элге жардам кылып жургонун коромун. Эмне дейм азаматсынар алга.
29.07.2015. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматар жардам берген онугуу прогресске ыраазычылык. Башка партиялардай элди чогултуп алып кооз суйлоп,убадаларды берип аткарылбаган, элдин башын айлантпай дайыма жардам беришет ийгилик.
29.07.2015. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул Онугуу Прогресс партиясына кантип байланышсак болот?
29.07.2015. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бизге да орнотуп кетишти, молодцы корообуз жап-жарык сонун болуп калды
29.07.2015. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Шайлоодон кийин жыйнап кетишпейби экен сурап койгула туугандар.!
30.07.2015. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушуну да эми сындырып,мас болуп алып талкалап,уурдап кетпей этияттап пайдаланганды уйронолу...
30.07.2015. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл 20 жылдан бери эч кимге ишенбей калды, иш жасап берсе да ишенбей, эртен жайнап кетет деп отурат. Тобо, жасаган ишке рахмат деп койгондун ордуна ишенбей, сиздерге канткенде жагат бироо жарым. Бироого ишенбесенер озунор жасап коргуло, колдон келбесе, кылган адамга жолтоо болбогула.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-07-30 14:16:34
30.07.2015. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asker, баш тамгаларды грамматикалык эрежелерге ылайык колдонуңуз!
30.07.2015. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
партия менен байланышуу учун Контакты

720040 Кыргызстан,
Бишкек шаары, Чүй проспекти 126
тел. +996(312)661211
тел. +996(550)432227
31.07.2015. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул партия копчулук карапайым калкка абдан жакшы корунуктуу жардамдарды берип жатышат. Бирине дарыланууга берип жатса, бирине трактор, бирине жарык коюп, алгылыктуу жумуштар аткарылып, элдин маанайын которуп жатышат. Силерге ийгилик каалайбыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: