Талас облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган Омардын абалы жакшы

Талас облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган Омардын абалы жакшы. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда аталган оорукананын башчысы Шаршенбек Жумашалиев SUPER.KG порталына билдирди. Оорукана башчысы эмне себептен ырчынын ден соолугу начарлап кеткенин айткан жок. Ал эми ошол эле оорукананын атын атагысы келбеген кызматкеринин айтымында, стресстен улам ырчынын ден соолугу начарлаган.
Кечээ, 28-июль күнү Талас райондук соту ырчы Омардын баш коргоо чарасын карап, соттун чечиминин негизинде ал бир айга камакка алынган. Чечим чыкканда ырчынын ден соолугу начарлап, “Тез жардам” кызматы аркылуу Талас облустук ооруканасына жеткирилген.
Айта кетсек, ырчы Омар 27-июль күнү кармалган. Ал “Нуржанбек Токтогулов аттуу таанышы менен бирге ишкерден 40 тонна төө буурчак алып, акчасын беришкен эмес” деп айыпталууда.

Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат! 3 күн БАНга!
Азыр бизде ак ийилиип туруп кырс деп сынып кала турган заман!
Эмнеси болсода Омар эркекче туруп койуш керек эле, оорумуш болуп чондорду дуурабай! Омардын куноосу жок дегенибиз м-н,беттешкенде досу алгансын деп мойнуна койуптур!