super.kg logo
  Саясат  

Малайзиялык журналисттер президент Алмазбек Атамбаевден интервью алышты

 

Малайзиялык журналисттер бүгүн, 29-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, интервью алышты. Мамлекет башчы кыргыз жериндеги туризм тармагы, өлкөдөгү дин маселеси, мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жолдору боюнча пикирин айтты.

Жолугушуу соңунда малайзиялык өкүлдөр делегациянын атынан президентке белек тартуулашты.

Айта кетсек, 24-июлда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин чакыруусу менен өлкөгө “The Star”, “TV3 Malaysia”, “Bernama” аттуу 3 ири малайзиялык медиамекеменин журналисттери келишкен. Алар: кабарчы Ох Чин Энг (“The Star”), фотограф Онг Сун Хин (The Star”)кабарчы Азария Тагайа (“TV3 Malaysia”), оператор Ахмад Азизи бин Аднан (“TV3 Malaysia”), кабарчы Суриати Сануси (“Bernama”) жана оператор Хайрул Икхван бин Жаафар (“Bernama”).

Иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасын эл аралык аренада даңазалоо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: