super.kg logo

Бишкекте Кытайдын сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды

 
Бүгүн, 29-июлда Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Кытайдын сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсүнүн ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Көргөзмө 4-августка чейин уланып, анда фарфордун борбору аталган Цзин Дэ Чжэнь аймагынан алынып келинген 30дан ашуун экспонат коюлду.
Фарфордогу живопись 6000 жыл мурун кытай маданиятынын органикалык бөлүгү катары пайда болуп, өнүгүп келген. Бул искусство түрүнүн өнүгүшүнө ар кайсы убактагы философиялык, эстетикалык жана технологиялык шарттар таасирин тийгизген. Эволюциянын негизинде фарфорго сүрөт тартуу боюнча көз карандысыз мектептер технологиялык, көп түрдүүлүк, композициялык, стилистикалык жактар боюнча өзгөчөлөнө алган. Фарфорго түшүрүлгөн символикалык көрүнүштөр кытай элинин дилин чагылдырган. Кытай дүйнө жүзүнө фарфор аркылуу таанылган. Улуу Жибек жолу аркылуу фарфор бүт дүйнөгө тараган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: