Ошто ишкердин үйүн карактоого даярдык көрүп жаткан кылмыштуу топ кармалды




Ошто ишкердин үйүн карактоого даярдык көрүп жаткан кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 28-июль күнү Баялинов көчөсүндө жеңил унаа токтотулуп, уюшкан кылмыштуу топтун 5 мүчөсү кармалган. Алардын бири 1986-жылы туулган И.С. Алай районундагы карактоо фактысы боюнча издөөдө жүргөн. Ал эми калгандары эки жолудан соттолушкан. Унаасын кароо учурунда тапанча, бет кап, кол кап, бычак табылган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
4

Жеке билдирүүлөр үчүн купуя кат бар.
Кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү, сүрөтү укук коргоо органдарынын уруксаты менен жарыяланат.