super.kg logo

"Кара тизмеден" 10 күндүн ичинде чыгышы мүмкүн деген 49 миң кыргыз жаранынын 500дөн ашыгы гана чыгарылды

 
Буга чейин Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы мигранттардын "кара тизмесинде" турган Кыргыз Республикасынын 49 миң жараны 10 күн аралыгында тизмеден чыгарылышы мүмкүн экенин билдирген.
Бирок аталган тизмеден 49 миң жарандын 500дөн ашыгы гана чыгарылганын SUPER.KG'ге бүгүн, 29-июлда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 
"49 миң жаранды бир күндө тизмеден чыгарып коюуга мүмкүн эмес. Этап-этабы менен чыгарылып жатат. Бизге келген маалыматтар боюнча, 500дөн ашык жаран аталган тизмеден чыгарылды",- деди басма сөз кызматкери. 
Ал эми КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева буларды айтты: 

"49 миң жаран - булар 3 жылга "кара тизмеге" киргендер. Алардын бир жарым жылдык мөөнөтү кыргыз жеринде өтсө, кайра Орусияга кире алышат. "Кара тизмеге" кирип калган жарандар бир жарым жыл убактысы өткөндөн кийин Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын маалымат базасынан өзү тууралуу маалыматты текшерип, тизмеден чыгарылган болсо, кире берсе болот. Тизмеден чыгарылгандарды Федералдык миграциялык кызмат 20-июлдан бери маалымат базасына жүктөп жатат.

Ал эми 192 миң кыргыз жараны Орусия Федерациясынын аймагында мыйзамсыз жүргөнүн билдиргенбиз. Алар ушул жылдын 20-июлунан тартып 1-ноябрга чейин Орусиянын аймагынан чыгып, кайра киришсе болот. Учурда айрымдары документтерин тууралап алуу үчүн чыгып кетип жатышат. Ал эми колунда 5 же 10 жылга Орусия аймагына кирүүгө тыюу салынган соттун чечими болуп туруп чыкпай жүрүп алгандар эми чыгып, кайра киребиз дешсе, кайра кире алышпайт. Алар ошол соттун чечимине ылайык, чектелген мөөнөтү өткөндөн кийин гана кирүүгө укук ала алышат".

Ал эми кыргыз өлкөсүнүн жарандары Орусиянын "кара тизмесинен" чыкканы же чыкпаганы тууралуу Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнө байланышып маалымат алышса болот. 

Байланыш телефондору: (0312) 90-63-05, 90-63-82.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(34)
29.07.2015. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
саламатсынарбы супер инфо жамааты бизге таможный союзга кыргызтан качан кошулат экени тууралу кабар берип кое аласыздарбы.москвалык кыргыздар абдан кыйын абалда турушат азыр.рахмат
29.07.2015. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jeka85, кошулду го..баардык процедуралар болуп отту..эми казахстан ратификацияга кол койсо ошону менен толук бутот юридикалык тарабы.
30.07.2015. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beka1207,рахмат чоон сизгеда сабыр кылып туралы анда а
30.07.2015. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jeka85, саламатсызбы!
Президент Алмазбек Атамбаев Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Евразиялык Экономикалык союзга кошулуусу жөнүндө Келишимге кол койгон. Бирок бул Келишим бардык ЕАЭСтин мүчө-мамлекеттер ратификация кылган убактан тарта күчүнө кирет.
30.07.2015. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,рахмат сиздерге чоон.
29.07.2015. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгарышы жаман кыйын болдуго.
29.07.2015. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2016 га барат окшойт…
29.07.2015. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ким чыкты,мен чыктым деп койгулачы ,куттуктап коеюн.ишенип калалы биз да
29.07.2015. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
batma200294, чынын айтасыз мен дагын деле чёрный списоктомун бирок рфда журомун
29.07.2015. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин синдими кара тизмедесин деп былтыры границага барганда киргизбей койгон январьдан баштап эле текшертирип келет жоксун кара тизмеде деп аткан анан эле Россиияга келейин дегенде оштогу аэропорттон откозбой койуптур кара тизмедесин деп андан кийинда текшерсе жоксун деп атат эми эмне кылышты билбей калдык кайактан текшерсе болот дагы ким билет жазып койгулачы супердин колдонучулары жанан супер инфо алдын ала рахмат
29.07.2015. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nazi8889, кара тизмеге кайсыл паспорту менен кирген Эгерде айди карт менен кирип загранын текшерсе кара тизмеге жок деп коргозо берет
30.07.2015. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazi8889,Синдиниз келгенде УФМСке барып документ жасатпаган болсо анын аты жону алардын тизмесинде болбойт только пограничная службада эле болот что ал канчанчы числодо келген через тир месяца чыгып же бир жылга документ кылыш керек болчу ал кайра кеткенде пограничный службанын кара тизмесине кирет УФМСтен канча текшербениз анын данныйлары жок да ал жерде
29.07.2015. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Урматтуу мекендештер эч ким буга чейин кара тизмеде болсо чыккан жок. Андан сырткары ким чек арадан отсо ошол адамдар кара тизмеге кирип жатат.Бул биздин мамлекеттик органдар берген маалымат чындыкка кошбой жатат. 29-июлдан 10-ноябрга чейин чек арадан кирди чыкты кылса мурунку мыйзам бузуулары жок кылынат деген да жалган. Бул нерсе биздин чет жерде жургон мигранттар келип шайлоого катышсын деп чыгарылган оюну.Урматтуу мекендештер ошон учун ойлонуп, таразалап туруп чек арадан кирди чыкты кылгыла.
29.07.2015. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oleg86, туура айтасын мен да кошулам
01.08.2015. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oleg86,туура айтасыз.былтыркы жылы Молдовандарды да документтерин тазалаганга 3ай убакыт берилет деп баары массово чыгып кетишип кайра кире албай калгандар коп болгон.ошондой болгондон кудай сактасын мекендештерди
29.07.2015. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
batma200294 Мени чыгарыптыр кара тизмеден ин шаа Алла
29.07.2015. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nurbiyke2014, куттуктаймын анда сени
29.07.2015. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жолдошумду 20-июль куну чыгарып,кайра 21-июлда кара тизмеге киргизип коюптур...Жаман эле болушту го.
29.07.2015. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ ишенбегиле мени чыкты дешкен колума кагаз турундо да беришти сургутка учуп киргизбей кайра келдим белетке да куйдум
29.07.2015. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uulay, Сиз озунуз да текшердиниз беле ?Емнеге андай болду екен ?Менда билет алайын деп атпадым беле?!Анда ишенбеш керек екен
01.08.2015. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurbiyke2014, текшердик таза чыгып аткан бирок 24 белет алып оштон пограндан таза оттум сургуттан чыгып калды кайра ошол самалет менен кайттым.колума уведомления да беришти 24.04.2014 кирген экенмин до 04.05.2016 га чейин
29.07.2015. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ жалган эч Ким чыккан жок мен да чёрный списоктомун чыкпапмын.айтып койгулачы кайсы моонотко чейин кара тизмеде экенин кайерден текшерсе болот жазып койгулачы
29.07.2015. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
РФда жургондо документи жок журуп,границадан чыкса,анда созсуз кара тизмеге киргизип коёт экен.Эгерде жыл сайын документти таза жасатып турсан,проблеммасы жок эле кирип чыгасын,биз жылда ошентип эле чыгып келебиз.Ал эми чондорубуз мигранттардын маселесин он жагына чечип беришсе экен,наныбызды Россиядан таап жеп жаткандан кийин.Ар ким ар нерсени айтып жатышат, кимисине ишеништи да билбей калдык.
29.07.2015. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
services.fms.gov.ru дан текшерип коргуло
30.07.2015. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кирбей эле койбоду не жардамы тийет эле анан кору качып без патент иштеп журобергиле... Дагын деле журобуз кол койуш керек деп не кереги бар Ушул миграциида иштеген адамдарга колунан келбесе. ушу менен президенттик шайлоого чейин барат ким кошулат созумо 2016 кирет 100% кепилдик бере алам.
30.07.2015. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо куттуктайм nurbiyke2014.Аллахым бизге да насип этсе экен.
30.07.2015. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
batma200294, Рахмат Сабыр кылып куто турунуз сизди да чыгарып калар Тез тезден текшерип турсаныз
30.07.2015. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин боок курсактар качан эле элди ойлоду эле жалганды айтып жатат оозуна уурдум тышкы иштер минстрин .Томожный союзга киргенде канча миллион акча болунот деген Россия ошонун артынан журот жогоруда иштегендер карапайым элди олгондо да ойлобойт азыркы бийлик.
30.07.2015. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин чондорду ушул сеткага камаш керекта кышынды -25º 4-5 саатка.
31.07.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 жылга вдворение болуп черный списоко тушкондор барбы
01.08.2015. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzka96, бар 24.04.2014 до 04.05.2016
01.08.2015. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал эми кыргыз өлкөсүнүн жарандары Орусиянын "кара тизмесинен" чыкканы же чыкпаганы тууралуу Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнө байланышып маалымат алышса болот.

Байланыш телефондору: (0312) 90-63-05, 90-63-82.жалган.ал жак озунордун мигационный пунктунарга кайрылгылар деп телефонду койуп койушту.озу кимге ишенсе болот???
02.08.2015. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдерди алдап тиякка ,биякка судуроп журушот ,кайран карапайым калкым ай
02.08.2015. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне деген куруган олко болдук эч кимге созу отпогон. Бир союзда турган сон женил эле маселе эле ушуну чечип коюш.Назарбаев кол койбосо жатып алсын, орустардын айтканын лам дебей аткарышат чечип кой элдин маселесин десе чечет эле го. Алардыкын аткарган сон аларды да аткар дегенге жараш керек да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: